Биз менен байланышыңыз

Президент парадга катышкан жок. Жанындагылардан коронавирус чыкты

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 2251 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековду Москвага коштоп барган эки кишиден коронавирус аныкталды. Ушундан улам, президент Сооронбай Жээнбеков Кызыл аянттагы аскер парадына катышуудан баш тартты.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.

Алгоритмге ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар Москва шаарына келери менен COVID-19га карата тест тапшырышкан. Президентти коштогондордун экөөнөн илдет аныкталды. Мындан аркы алгоритмге ылайык, президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алды, — деп айтылат маалыматта.

Москвадагы парадда президент Жээнбеков көрүнгөн жок (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM