Биз менен байланышыңыз

Москвадагы парадда президент Жээнбеков көрүнгөн жок (видео)

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 2256 | 0

Москва шаарында Улуу жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскер парадына катышкан президенттердин арасында Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков көрүнгөн жок.

Президенттин маалымат кызматы жагдай такталып жатканын кабарлады.

Параддын ачылышында Орусия лидери Владимир Путин сөз сүйлөп, ага Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана башкалар катышты.

Президент Сооронбай  Жээнбеков 23-июнда Москва шаарына иш сапары менен барган. Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышары айтылган.

Иш сапар алкагында Жээнбеков Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышары тууралуу айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM