Биз менен байланышыңыз

Москвадагы кыргызстандыктар президентке кайрылышты (видео)

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 946 | 0

Орусиянын Москва шаарында Кыргызстанга келе албай 20-марттан бери хостелде жашап жаткан Кыргызстандын жарандары Президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Өкмөттүн тиешелүү органдарына мекенге алып кетүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Алар өз кайрылууларында башка өлкөлөрдөн− Түркиядан, Дубайдан жана Новосибирсктен− мекендештерди алып кетип, бирок Москвадагы кыргызстандыктарга көңүл бурулбай калганын айтышты.

Учурда хостелде 400дөн ашык кыргызстандыктар мекенге кайтуу үчүн Өкмөттүн маселени чечип, алып кетүүсү үчүн учак күтүп жатышканын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM