Биз менен байланышыңыз

Данияр Иманалиев кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 807 | 0

Президенттик Аппараттын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча билдирүү жасады.

Анын айтымында, маселе боюнча мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө ЕАЭБге экспорттолуп жаткан Кыргызстандын товарлары боюнча маселе жок. Күнүмдүк товарлардын декларациясын чечүүгө аракет жасалып жатат,” — деди Данияр Иманалиев.

Ошондой эле Данияр Иманалиев күнүмдүк товарларга карата текшерүүнүн күчөтүлгөнүн айтып, айыл чарба азыктарынын тоскоолдуксуз өтүп жатканын да айтты.

Кошумчалай кетсек, 1-апрель саат 8.00гө карата алынган маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек  арасындагы «Ак-Тилек-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда  223 жүк ташуучу автоунаа кезекте турат.

 

Copyright © 2017 Maral FM