Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан номиналдык эмгек акынын өсүшү боюнча ЕАЭБнин үч лидеринин катарына кирди

Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 833 | 0

Маалыматтар боюнча январь-июнь айларында эмгек акы Беларусияда 8,3 пайызга,  Арменияда 4,8 пайызга, Кыргызстанда 4,4 пайызга жана эң жогорку көрсөткүч Казакстанда 9,3 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиясы билдирди.

Ал эми Орусиянын өсүү темпи эң аз, азырынча 2,9% болду.

Ушул жылдын биринчи жарымында орточо номиналдык эмгек акы Арменияда 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,4 пайызга, Беларусияда 13,5 пайызга,  Казакстанда 16,3 пайызга, Кыргызстанда 10,5 пайызга жана Орусияда 5,8 пайызга жогорулаган.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн ичинен эң аз айлык акы Кыргызстанда төлөнөт. Ал 242 долларды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM