Биз менен байланышыңыз

Иманалиев: Президенттин Сауд Арабиясына визитинин негизи экономикалык кызматташууну күчөтүү болду

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 488 | 0

-Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабия Королдугуна расмий визитинин негизги тематикасы экономикалык кызматташууну күчөтүү болду. Бул инвестицияларды тартуу, соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы алакаларды жана байланыштарды күчөтүү маселелери. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы потенциал толук ишке ашырыла элек, Сауд Арабиясынан түз инвестицияларды тартуу боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар, — деп белгиледи Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев.

Ал Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен Президент Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунда Кыргыз-сауд экономикалык кызматташуу фондун түзүү сунушу айтылганын билдирди. Дагы бир маанилүү документ катары айыл чарба азык-түлүктөрүнүн ветеринардык коопсуздугу боюнча макулдашууну атады.

Мындан тышкары, энергетика, курулуш, транспорт боюнча бир катар долбоорлор жана Кыргызстандын аймагында инвестициялык долбоорлорду каржылоо маселелери талкууланганын айтты.

Ислам банкы менен жолугушууда чакан жана орто бизнести колдоо чаралары каралды жана Кыргызстандын ортосунда Стратегиялык кызматташуу боюнча өзүнчө долбоорду иштеп чыгуу сунушталды.

Мындан тышкары эт, сүт азыктары жана башка айыл чарба продукциялары менен камсыздоонун потенциалын өстүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү үчүн авиакаттамдардын болушу маанилүү жагдай болуп саналат. Бул маселелер, өзгөчө карго жана авиаташуулар, Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы түз каттамдарды жөнгө салуу маселелери дагы талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM