Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Орозо айынын башталышы менен куттуктады (видео)

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1611 | 0

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарындагы № 1327 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Сооронбай Жээнбеков шайлоо боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, төмөндөгүлөрдү белгиледи:

«Жеке менин дарегиме да ар кыл ойлор, калп-чыны аралаш пикирлер айтылып келет. Мен мунун баарын угуп, көрүп, анализдеп жатам. Албетте, менде айтылчу сөздөр көп. Бирок, азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда, унчукпай турганым – өлкө үчүн чоң пайда. Анткени, саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келатат. Менин айтканым, дегеним, кырдаалга таасир этпей койбойт. Саясий чайкоочулук кылчулар да жок эмес. Мен ошого жол бергим келбейт», — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Copyright © 2017 Maral FM