Биз менен байланышыңыз

Октябрь окуясы: Эл күткөн өзгөрүү боло элек

Саясат | 5 Окт 2021 | 788 | 0

Бүгүн Октябрь окуяларына толук бир жыл толду. Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого нааразы болгон партиялар 5-октябрда түштөн кийин «Ала-Тоо» аянтында митинг уюштурган. Милиция митингге чыккандарды күч менен таратууга аракет кылган. 6-октябрга караган түнү нааразы болгон эл Ак үйдү басып алган. Андан аз убакыт өтпөй өлкөдө бийлик алмашып, кийин Баш мыйзам өзгөрүп, өлкө президенттик башкарууга жол алды.

Октябрь окуясынан кийинки бир жыл аралыгында эмне өзгөрдү жана кандай сабак алдык?

Ушул жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге референдум өттү. Башмыйзамдын жаңы долбоору боюнча өткөн референдумга республикалык бюджеттен 55 миллион сом жумшалды.

Ага чейин эле 10-январда өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча өткөн референдумга бюджеттен 39 миллион сом бөлүнгөнү айтылган. Ошентип бир жылда эки референдумга 95 млн 588 миң сом жумшалып, жаңы Башмыйзам кабыл алынып, ага жараша бийлик эбегейсиз күчкө жана укуктарга ээ болду.

Бийлик алмашкандан кийин дароо Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлдү. Бирок жарандык активистер анын ордуна «экономикалык кеңеш» курулуш керектигин эскертишкен.

Өлкөнүн Башмыйзамы жаңырганы менен эч өзгөрүү болбогонун көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек айтат.

-Турмушту өзгөртүш үчүн, экономиканы көтөрүү үчүн «экономикалык кеңеш» курулуш керек болчу. Бирок бизди эч ким уккан эмес. Мына Баш мыйзамды өзгөрттүк, референдум болду, аны менен азыр иштеген ким бар, эч ким жок. Конституцияга шилтеме жасаган ким бар, эч ким жок. Конституцияны өзгөрттүк эмне өзгөрдү, эч нерсе өзгөргөн жок. Баш мыйзам бир гана бийлик үчүн өзгөрдү, ал күнүмдүк турмушка, ошол эле бийликтин жакшыруусуна, өлкөнүн өнүгүүсүнө эч кандай таасир эткен жок. Өзгөрүүнү жөнөкөй карапайым жарандар турмушта көрүш керек болчу. А турмушта бардык нерсе ошол бойдон эле, тескерисинче жарык өчө баштады, баалар кымбаттады, коррупция ошол бойдон, ошол эле схемалар менен иштеп жатат. Балким бир канча киши камалды, бирок жалпы турмуш, жашоо образыбыз эч кандай өзгөргөн жок».

Бийликтин алмашуусу менен өкмөт башчы да, анын аталышы да алмашты. Өкмөттүн 22 мүчөсүнүн 16сы гана калтырылып, ирилештирүү саясаты жүзөгө ашырылды. Бир канча министрлик бириктирилип, бир топ агенттиктер жоюлган. Бирок бул саясат өз максатына жетпей, аты гана өзгөрүп, заты ошол бойдон калды. Муну бүгүнкү күнгө чейин министрликтер өз милдеттенмелерин аныктай албай, башаламандыкта иштеп жатышканынан байкоого болот.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев да Кыргызстанда так жана түшүнүктүү саясатты көрө албай жатканын айтат.

«5-октябрь жана андан кийинки күндөрү болгон окуялар бийликте отургандар үчүн сабак болгон эмес. Тилекке каршы акыркы жолу болгон жергиликтүү кеңешке шайлоо бир топ жерде, анын ичинде Бишкек шаарында мыйзам бузуулар жана добуш сатып алуулар менен өттү. Ошол эле учурда алдыда келе жаткан парламенттик шайлоого кайрадан эле президенттин атынан 2-3 партия аттанып жатат. Бул жакшылыктын белгиси эмес. Ал эми Кыргызстанда эмне өзгөрдү десек, албетте кандайдыр бир өсүү бар. Айрым адамдарды коррупцияга шектеп жоопко тартышты. Бирок эң кызыктуу нерсе коррупция менен күрөшкөндө, алар акча төлөгөндөн кийин эркиндикке чыгарып жиберип жатат. Демек, коррупциянын өзүнү жоготконго аракеттер көрүнбөй жатат. Коррупциорнердерди кармап, акчасын алып, кое берип жиберүү жемкорлук менен күрөшүүгө жатпайт. Аны айрым кадамдар деп койсок болот. Ошондуктан менин жеке пикиримде так, түшүнүктүү саясат көрүнбөй жатат. Тажрыйба жетпейби, билбейм, бирок мамлекетте туруктуулук орноду деп айта албайм». 

Октябрь окуялары себеп болуп келген жаңы бийлик коррупция менен күрөшкө өзгөчө басым жасаларын айтып, «кустуруу» саясатын жүргүзүп, аны менен бюджетке эбегейсиз акча түшүп жатканын жар салган. Көмүскөдөгү акчаны ачыкка чыгаруу, мыйзамсыз баюуга карата чара колдонуу — абактан толук бошотуу жолу аркылуу жүрүүдө.

Ал эми серепчилер коррупционерлер мамлекетке келтирген зыянды толук төлөп эле бошотулбастан, кошумча эң аз 2-3 жыл түрмөдө отурушу керектигин белгилеп келишет.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбайдын пикиринде, ар бир бийликтин башына келген жетекчи коррупцияны жоюуга жана элдин экономикалык абалын жакшыртууга убада берип келген. Ал убадалар аткарылбаса элдин бийликке болгон ишеними азайып, кайрадан нааразычылктар күчөшү мүмкүн экендигин эскертти.

«Азыр өлкөдө көптөгөн көйгөйлөр бар. Мисалы, кадр маселеси. Биз билебиз, кадр маселесинде кесипкөйлөрдү тандабай, жердешчилик, «иштеп берген» дегендерди коюп келди. Эми ошолордон баш тартуу керек. Социалдык-экономикалык абалыбыз да туруктуу эмес. Негизинен элдин алдына болуп жаткан саясат боюнча ачык маалымат берип турушу керек. Анан демократия деп жатабыз, демократияны камсыз кылган мыйзамдар тилекке каршы алынып калды, ошолорду жокко чыгарып, сөз эркиндиги, адам укугу боюнча көбүрөөк мыйзамдарды бекитиш керек. Коррупция менен күрөшүп жатканын элге көрсөтүш керек.  Ошол эле учурда эл бийликке сын-пикир айтып жатса, андай эмес болсо жооп бериши керек. Же болбосо аларды абака салып коркутууну практикадан алып салуу керек. Эл азыр кыйын абалда турат, бирок ошого карабай, президент Садыр Жапаровго жана анын командасына ишеним берип жатат. Буга байланыштуу тез арада реформаларды жасоо керек».

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал Октябрь окуясын ХХI кылымдын башындагы Кыргызстанда болгон ири бурулуш окуялардын бири катары сыпаттап, жеңишти — жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болгонун белгиледи.

Президент ошондой эле Октябрь окуясында курман болгон Үмүтбектин жана башка жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Үмүтбектин атасына Бишкек шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM