Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкекте Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча форум өтөт

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 541 | 0

Эртең, 19-ноябрда Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук конференциясы өтөт. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Форумдун максаты өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өлкөнүн милдеттери, реформалар, жетишкендиктер жана артыкчылыктары боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу болуп саналат.

Форумду өткөрүү 2018-жылдын 1-ноябрында Президент Сооронбай Жээнбековдун донорлор менен жолугушуусунда макулдашылган. Конференцияга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулоого катыша турган 25 эл аралык уюмдардан жана 10 өлкөдөн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр чакырылган.

Иш чаранын жүрүшүндө региондорду өнүктүрүү, инвестициялык климат, адам капиталын өнүктүрүү, суу ресурстарын комплекстүү башкаруу, климат жана өзгөчө кырдаалдар маселелери сыяктуу темалар каралат.

«Евразия өнүктүрүү банкынан кошумча 200 млн долларын тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан региондорду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду даярдоо иши башталды, алгач 60 млн долларга Ош облусунда ишке ашырылат, ал эки кластерге — агроөнөр жай комплексин жана региондун туруктуу туризмин өнүктүрүүгө багытталат», — деди Данияр Иманалиев.

Ошондой эле Digital Casa долбоорун ишке ашыруу башталарын маалымдады.

Мындан сырткары аталган конференциянын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынып, анын алкагында өлкөдө долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер аныкталат.

 

Copyright © 2017 Maral FM