Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 1188 | 0

«Фейсбук» социалдык тармагында Мелис Аспековдун кайрылуусу жарыяланып, анда ал учурдагы президент ушул жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоо алдындагы үгүттөө иштеринде мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон 10 млн доллар алгандыгын, аны облустарда шайлоо алдындагы үгүттөөгө коротконун билдирген.

Мунун негизинде ал ишенимдүү адамдары тарабынан шайлоочуларды сатып алууну жүргүзүп келгенин дагы кошумчалаган.

Бүгүн, 14-май күнү бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (Шайлоочуларды сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Азыркы учурда жогорудагы фактылар боюнча зарыл болгон бардык тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM