Биз менен байланышыңыз

Депутат Алиярбек Абжалиев мамлекеттик бюджетке 20 млн сом которду

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 1330 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекеттик бюджетке 20 млн сом которду. Бул маалыматты бүгүн, 28-июнда УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Абжалиев — Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

Ушул жылы март айында УКМК Абжалиевге «мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, Абжалиев мурдагы президент Жээнбеков менен тууганчылык байланышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен жана мамлекетке 50 млн сом зыян келтирген.

УКМКнын билдирүүсүнөн кийин Абжалиев ушул жылы январь айында Түркияга учуп кеткени белгилүү болгон.

Кечээ, 27-июнда Абжалиев кечинде кыргыз-казак чек арасынан өтүп, Кыргызстанга кайтып келгени айтылууда.

УКМК: Депутат Алиярбек Абжалиевдин мыйзамсыз байыганы аныкталды

Copyright © 2017 Maral FM