Биз менен байланышыңыз

Кабыл Абдалиев кайрадан салык кызматынын төрагалыгына дайындалды

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1797 | 0

Кабыл Абдалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кабыл Абдалиев премьер-министр Улукбек Мариповдун ушул жылдын 1-апрелиндеги буйругу менен Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

Кабыл Абдалиев буга чейин Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп 2019-жылдын июль айында дайындалган эле. Тиешелүү буйрукка мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Эске сала кетсек, Кабыл Абдалиев аталган мекемеге 2012-жылы да төрага болгон.

Copyright © 2017 Maral FM