Биз менен байланышыңыз

Абдалиев: Салык кызматынын жылдык планы 107 млн сомго ашыкча аткарылды

Кыска кабар | 9 Фев 2021 | 538 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык чогултуп, план 107 млн сомго ашыкча аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев маалымат жыйында билдирди.

«Салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруу бир катар факторлор аркылуу ишке ашты. Былтыр 1-июлда ишке киргизилген «Смарт Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоору, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар да өзүнүн жыйынтыгын берди. Мындан тышкары, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуу алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү»,- деди Абдалиев.

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылга карата жалпы 193,4 млрд сом салык чогултууну пландап жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM