Биз менен байланышыңыз

Алтынбек Абдувапов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болду

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 727 | 0

Алтынбек Абдувапов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 14-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Бүгүн, 15-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Салык кызматынын жамаатына жетекчинин жаңы орун басарын тааныштырды.

Акылбек Жапаров Салык кызматынын алдында турган приоритеттүү милдеттерди, анын ичинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, салык жол-жоболорун андан ары санариптештирүү боюнча милдеттерди айтып, салыктык башкаруу системасында олуттуу реформалардын зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле салык төлөөдөн качкандарды чечкиндүү түрдө аныктоого, контрафакттык товарга каршы күрөшүү боюнча зарыл чараларды көрүүгө чакырды.

Мариповдун башка буйругуна ылайык, Замирбек Мамытов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

Ал эми Салык кызматынын төрагасы Иманбетовдун буйругу менен ал Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM