Биз менен байланышыңыз

Асангариев: «Жаштар жаратман ишкерлерди үлгү тутушу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Фев 2021 | 656 | 0

Эң чоң курултай жаратман ишкерлердин курултайы болушу керек. Мындай пикирин ишкер Мирбек Асангариев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курултайда өнүгүү идеялары талкууланышы керек. Натыйжада Кыргызстан Орто Азиянын түрдүү тармак боюнча хабына айланат.

Кыргызстан өз артыкчылыгын колдоно албай жатат. Натыйжалуу ишкердик жүргүзүү шарттары түзүлүшү керек. Мамлекет менен жарандардын ортосунда ишеним болушу кажет. Ишеним болбосо, шериктештик, өнүгүү болбойт.

Жаштар улуттук деңгээлде жаратман ишкерлерди үлгү тутуп, алардын фанатына айланышы зарыл. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде маалыматтык үгүт жүрүшү кажет.

Асангариев жаштар чет элдиктерди кайсы баалуулуктун негизинде кумир тутарына кызыкты. Анын ордуна жергиликтүү жаратман адамдарды үлгү тутууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM