Биз менен байланышыңыз

«Адам ички потенциалын билиш үчүн өзүн сынап көрүшү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Фев 2021 | 789 | 0

Адам аракет кылып көрмөйүнчө, өзүнүн дараметин биле албайт. Мындай пикирин ишкер Мирбек Асангариев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаш балдардын жөндөмүн байкоо үчүн түрдүү ийримдерге берүү зарыл.

Адам жашоодо стратегиясын тапса, минималдуу чыгымдар менен максималдуу ийгиликке жете алат.

«Көп адам ар кайсы чөйрөдө, кесипте өзүн сынап көрсө, өзүн эрте табат. Эң негизгиси, максат жүрөк каалаган баалуулуктарга негизделсе, аракет көбүрөөк болот. Анын үстүнө натыйжасы да башкаларга салыштырмалуу артыкчылыктуу болот. Демек, адам өзүн сынап көрмөйүнчө, ички потециалын биле бербейт. Кризис лидерлерди, адаттан тыш ойлонгон адамдарды жаратат. Ал кризисти күтүп отурбай, кадам таштаса, өзгөчөлүктөрү, таланттары ачылмак», — дейт Асангариев.

Маалыматка ылайык, Асангариев алгачкы кадамдарын 20 жашында жарандык коомдон баштаган. Социалдык ишкерлер ассоциациясын түзүп, азыркы күнгө чейин 2 жарым миң ишкер окутуудан өттү. 100дөн ашык ишкана ийгиликтүү старт алды.

Социалдык маселелерди ишмердик аркылуу чечүү — бул тармакта жаңы багыт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM