Биз менен байланышыңыз

«Тоталитардык режимдин кесепети азыркыга чейин бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Фев 2021 | 835 | 0

Тоталитардык режимдин кесепети азыркыга чейин бар. Мындай пикирин ишкер Мирбек Асангариев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шартын оңдоо адамдын өз колунда, башка бирөө жасап бере албайт. Талап коюп, өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу кудурети да жарандарда. Мамлекетти башкарууда деле ушундай көрүнүш, эгер туура талап коюлса аткарылат. Талап жок болсо, сунуш да болбойт.

«Жарандар жеңил, популисттик ойлорго алданып калууда. Биринчи, айлана-чөйрөдөн баштоо керек. Максат коюп, биргелешип иштеше билүү, жаратмандык маанилүү. Көпчүлүк айылдагы маселесин шаардан бирөө келип чечишинен үмүт артып отурат. Бул жерде бийликтин да күнөөсү бар, салыктын баарын борборго чогултуп алат. Нааразычылыктын айынан төңкөрүштүн баары Бишкекте болуп жатат», — дейт Асангариев.

Ал бийликтин салык саясатын сынга алды. Салыктар аймактарда калышы керектигин колдойт. Мындан сырткары 2000-жылы 32 миң мамлекеттик кызматкер болсо, учурда бул көрсөткүч 60 миңге жеткенин айтып, тынчсызданды.

«Мамлекеттик кызмат чектелип, каралбаса, козу карындай өзүнөн-өзү көбөйө берет. Пандемия учурунда келген жардамдардын баары мамкызматкерлердин маянасына кетти», — дейт Асангариев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM