Биз менен байланышыңыз

Асангариев: Бала тарбиялоодо эки нерсе маанилүү

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Фев 2021 | 847 | 0

Бала тарбиялоодо негизинен эки нерсеге: сапаттуу билим алуусуна жана өзүнө болгон ишенимин пайда кылууга көңүл буруу кажет. Мындай пикирин ишкер Мирбек Асангариев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бала билимдүү жана өзүнө ишеними жогору болсо, башка эч нерсени берүүнүн кереги жок.

«Ишеним ата-эненин мээрими, сүйүүсү аркылуу берилет. Ата-эне баласын жакшы көрүп турса эле, ишеним өзүнөн-өзү жарала берет. Натыйжада чечимдерди жаратмандыкка, сүйүүгө, адамдарга болгон ишенимге негиздеп кабыл ала баштайт. Бала сүйлөп жатканда аягына чейин угуп, суроолоруна жооп берүү зарыл», — дейт ишкер.

Асангариев өлкөдө билим берүү системасы чоң көйгөй болуп жатканына кейиди.

«Эл билимдүү болбосо, баары мигрант болуп кетет. Миграциянын арты мамлекеттүүлүктү жоготуу менен аяктайт. Көп нерсе билимге барып такалууда», — дейт Асангариев.

Copyright © 2017 Maral FM