Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) Кыргызстанга киргизилгенине быйыл туура 20 жыл толду. 2002-жылы башталган бул окуу жайга кабыл алуу системасына айрым оңдоп-түзөөлөр киргизилгени болбосо, дээрлик ошол калыбында келатат. Учурда ЖРТ мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайга тапшыруудагы эң негизги мүмкүнчүлүгүнө айланды. Ошол эле учурда ЖРТдан жакшы упай алуу үчүн, өзү каалаган окуу жайга өтүү үчүн окуучу атайын кошумча курстарга да барууга аргасыз болуп жатканы айтылууда. Буга себеп катары мектеп программасы менен ЖРТда берилген суроолор бири-бирине дал келбесин белгилешет. А бирок кошумча курска барууга баарынын эле чамасы келе бербейт. Ушул жерден аймактык айырмачылык, социалдык теңсиздик жаралып каларын да кулак кагыш кылышат көпчүлүк.
Каныкей Ош облусундагы айылдардын биринде жашайт. Улуу кызы быйыл мектепти аяктайт. Ал ЖРТдан жакшы упай топтоо үчүн Ош шаарына барып, атайын курстан өтүшү керек эле. Себеби айылда андай кошумча даярдыкка шарт түзүлгөн эмес. А бирок каражат, убакыт деген сыяктуу маселеге келгенде, кызын курска жиберүүгө мүмкүн болбой келет. Дегеле айылдагы бала кошумча даярдана албасын, андыктан упай алууда шаардыктардан артта калып жатканын айтат Каныкей. Муну чечүүнүн жолу катары ЖРТнын суроолорун мектеп программасына ылайык түзүү сунушун берди.
«Айылда балдар тестирлөөдөн жогорку балл алышы үчүн атайын курстарга барышы керек. Бирок жол алыс же каражат жетишсиз болушу мүмкүн. 10-11-класстын окучуулары үчүн айылга да атайын даярдык уюштурса, балким жакшырмак. Биз жашаган жерден шаарга барып келүү үчүн күнүнө 240 сом кетет. Ал эми курстун баасы 2500 сом экен. Мисалы, бизде азырынча андай шарт жок. Баарында эле боло бербейт. Андыктан мектеп програмасына туура келген суроолорду түзүү зарыл. Айылда жакшы окуйт, бирок ЖРТга келгенде балл аз болуп калат. Айылдагы балдар артта калып, же жогорку окуу өтпөй калышууда».
Жалпы республикалык тестирлөө боюнча кайрылуулар көп экенин айткан депутат Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйында маселе көтөрдү. Ал ушул ЖРТдан улам окуу жайларга тапшырууда социалдык теңсиздик жаралып жатканын белгилеп, чечүү жолун биргеликте издөөгө чакырды.
«Жакында жалпы республикалык тестирлөө башталат. Ушул жерден адилетсиздик байкалат. Себеп дегенде айылдагы билим деңгээл менен шаардагы билим деңгээл эки башка. Шаарларда курстар толтура, каражаттуулар да көп. Айылдагылар ошентип өтпөй калып жатат окууга. ЖРТга даярдоо курстары чоң бизнеске айланып кетти. Айына үч жарым миң сом. Жөндөмдүү балдардын каражаты жок. Ушуну Билим берүү министрлиги менен чогуу-чаран чечишибиз керек. Процедуралык кылып болсо да, министрликтин өкүлүн же министрди бул жакка чакыралы. Ушул боюнча талкуулабайлыбы? Балдардын тагдыры эмне болот? Өзүңүздөр билесиздер, программа менен ЖРТ эки башка. Мектепте окуганы башка, ЖРТнын талаптары, тесттеги суроолору башка. Бул — өтө глобалдуу маселе. Канчалаган таланттуу балдарыбыз жок жерден, объективдүү себептер менен окууга өтпөй калып жатат. Муну айыл өкмөттөр атайын каражат бөлүп, адистерди чакыртып окутуп болобу, же райондун деңгээлинде кылыппы, айтор оң жагына чечсин да. Бардык жерде адилеттүүлүк болбосо, акчалуулар гана окуп калат турган заманга баратабыз».
Жалпы республикалык тестирлөөнү 20 жылдан бери Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жүргүзүп келет. Аталган борбордун жетекчиси Чынара Батракеева тестирлөө боюнча коюлуп жаткан дооматтарга кошулбайт. Анын айтымында, суроолор мектеп программасынын негизинде эле түзүлөт. Ал атайын экспертизадан да тастыкталган. Болгону тест түрүндө болуп, ал мектептерде колдонулбагандыктан, бүтүрүүчүлөрдүн түшүнбөстүгүн жаратат. Ал эми даярдык курстарга баруу ар кимдин жеке тандоосу болорун, милдеттүү эмес экенин белгилеп өттү борбордун жетекчиси.
«Жалпы республикалык тестирлөө толугу менен мектеп программасына шайкеш келет. Биз атайын курстарга баруунун кажети жок экенин эскертип келебиз. Курска баруу же барбоо — адамдын өзүнүн каалоосу жана тандоосу. Кээ бир окучуулар сабакка барбай же түшүнбөй калса, атайын курска барууну тандашат. Жалпы республикалык тестирлөөнү биз 20 жылдан бери өткөрүп келебиз. Анын максаты окуусун ийгиликтүү улантып кете ала турган жөндөмдүү абитуриенттерди аныктоо болуп эсептелет. Андыктан ЖРТ бүтүрүүчүнүн билим деңгээлин аныктабайт. Кыргызстан чакан өлкө болгону менен ар бир аймактагы мектептердин билим берүү деңгээли ар кандай. Мисалы, айрым жеринде мугалимдер жетишпейт, алардын деңгээли башка, окуу китептеринин жетишсиздиги сыяктуу айырмачылыктар бар. Билимди баалоо жана окутуу боюнча абдан кеңири маалыматтар берилген. Акысыз сынак тестин тапшыруу жана атайын колдонмолор бар. Айрым курстарда тескерисинче, абдан көп маалымат берип, башты айландырып, чаташтыргандар кездешет. Билим берүү министрлиги кандай талап койсо, ошого жараша тапшырмалар, суроолор өзгөртүлүп турат».
Окуу жайларга өтүүнүн босого упайы 110 (предметтик 60) бойдон калганы маалымдалды. Бирок ал тесттин жыйынтыгына жараша өзгөрүшү мүмкүн. Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 23-28-майда өтөт.