Кыргызстанда калктын санариптик сабатын жогорулатуу, шаардыктар менен айылдыктардын жашоо деңгээлин теңдештирүү максатында «Санарип Инсан» долбоору ишке кирүү алдында турат. Бишкекте буга байланыштуу талкуу болуп, ар кандай сунуштар айтылды. Долбоор айылдагы жаштарга, аялдарга жана мигранттарга жашыл экономика боюнча да билим берүүнү көздөйт.
«Санарип Инсан» долбоору эки жыл иштейт. Анын алкагында эң алдыңкы тажрыйбалар алып келинет. Мисалы, Google, Microsoft жана башка ири компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын негизинде алар даярдаган материалдар кыргыз тилине которулуп, жарандарга жайылтылат. «Кыргыз интернет» коомунун жетекчиси Талант Султановдун айтымында, негизги басым айылдык жаштарга, мигранттарга жана аялдарга жасалат.
«Бүгүнкү күндө кадрларды даярдоого технологиялык өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы турушутук бере албайт, өлкө тургундарынын санариптик сабаты атайын талаптарга жооп бербейт. Аз айлык төлөнүүчү иштер жаштардын өнүгүүсүнө, камсыз кыла турган кирешеге ээ болуусуна мүмкүндүк бербейт».
Жумушсуздуктун өсүшү экономикага терс таасирин тийгизип жатат. Буга байланыштуу ишсиз калгандарды колдоо программасын күчөтүү, жарандардын эмгек рыногунда талап кылынган санариптик кесиптерди, көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү алуусуна шарт түзүү зарыл. Анын ичинде калктын аялуу катмарына суроо-талапка ээ болгон кесиптерде иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Бул тууралуу социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
«Кыргызстандын жаш эмгек мигранттары үчүн жаңы чакырыктар талкууланып, алдыңкы тажрыйбаны колдонуу боюнча маалымат алмашуу жана сунуштарды иштеп чыгуу маселеси каралат. Калктын санариптик сабаты өстүрүлүп, таланттуу жаштар колдоого алынат, ошондой эле кесипкөй «санариптик» кадрларды даярдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Долбоордун максаты: айыл жаштарынын жана аялдардын жашыл экономика боюнча түшүнүгүн кеңейтүү, санариптик көндүмдөрдүн деңгээлин жогорулатуу».
Улуттук статистика комитети 2020-2021-жылдарда жүргүзгөн иликтөөгө караганда, элет жеринде 4 млн 300 адам жашайт. Анын 49%ын аялдар түзүп, булардын эмгек курактагысы — 38%. Ал эми жаштар 24%ды түзөт.