Connect with us

Кантта өрттүн кесепетинен бир адам каза тапты

Без рубрики , Кыска кабар | 23 Ноя 2024 | 166 | 0

Кант шаарында кагаз чыгаруучу ишканадан чыккан өрттөн бир кытай жараны каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңга жуук Кант шаарындагы заводдун аймагында жайгашкан кагаз чыгаруучу «Милена» ЖЧКсында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 04:49дан тарта 4 күжүрмөн эсеп, 5 өрт өчүрүүчү жана 1 суу ташуучу унаа тартылган.

Тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен саат 08:10до чектөөгө алынган. Өрттүн болжолу менен 1500 чарчы метр аянтты каптаган.

      Пикир калтырыңыз

      Leave a Reply

      Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

      Copyright © 2017 Maral FM