Биз менен байланышыңыз

Адабиятты окутуу аракетин кылган «ОКУ» долбоору

Билим-маданият , Коом | 13 Дек 2021 | 2267 | 0

«ОКУ» долбоорунун алкагында жыл сайын уюштурулуп келген китеп окуу сынагынын VII айлампасы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр Улуттук адабият күнүнө карата сыйланды.

«Ыйык Ата Журт» коомдук фондунун жетекчиси Нурсултан Жаныбек уулунун айтымында, китеп окууга 2018-жылдан бери эле отуз миңдей адам катышкан. Кызыккандардын саны жыл сайын көбөйүп баратат. Айталы, быйыл 5,5 миң адам билимин сынаган.

Бул жолу окууга америкалык жазуучу Тара Вестовердин «Окуучу кыз» мемуардык чыгармасы, Тимоти Уолкердин «Финдердей окуталы» илимий изилдөө баяны, Чынгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» повести берилген. Маалыматка ылайык, «Окуучу кыз» жана «Финдердей окуталы» китебин окуп, биринчи орун алган окурман 30 миң, экинчи орун алган окурман 20 миң, үчүнчү орун алган окурман 10 миң сомдон акчалай байгеге ээ болду. Ал эми «Эрте келген турналар» китебинен сынак тапшырып, биринчи орун алган окурманга 20 миң, экинчи орун алган окурманга 15 миң, үчүнчү орун алган окурманга 10 миң сомдон берилди.

Тесттин жыйынтыгы менен төмөнкү окурмандар жеңүүчү аталды:

«Финдердей окуталы» китеби боюнча

I орун Абдубасир Гапаров 

II орун Айнур Даниярова

III орун Чынара Токтоназарова

«Эрте келген турналар» китеби боюнча:

I орун Айжан Мырзабекова

II орун Айбермет Өмүрбекова

III орун Айзат Кайратбек кызы 

«Окуучу кыз» китеби боюнча:  

I орун Чолпон Садыкова

II орун Эржигит Куштарбеков 

III орун Жаздай Аманова

Чолпон Садыкова китеп окуу сынагына экинчи жолу катышты. Бул жолу ал биринчи орунга ээ болду. Өзү тарых сабагынан мугалим болгусу келген. Бирок, шартка байланыштуу жогорку окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Азыр үч баланын энеси. Тарыхый чыгармаларды окууга абдан кызыгат.

«Жолдошум мал чарбачылык менен алектенет. Үй-бүлөбүз менен китеп ышкыбоздорубуз. Былтыр да утуп алгам. Сынак боюнча маалыматты соцтармактан окуп катталгам. Ден соолугума байланыштуу үйдө болгондуктан, бош учурумда китеп окуганга аракет кылам. Китеп окуган адамдын жашоого болгон көз карашы бай болот».

Айжан Мырзабекова Түп районун Жеңишбек Ашымов атындагы мектептин 10-классында окуйт. Ал окуучулар арасында өткөн сынакта биринчиликти алды, келечекте журналист болгусу келет. Эки жылдан бери китеп окуу сынактарына жигердүү катышып, алдыңкы орундарды алып келет. Бул жолу биринчиликти алып, кубанып турган кези.

«Бул менин биринчи жолку утушум эмес, буга чейин да ушул сыяктуу көптөгөн сынактарга катышып келгем. «Бир адамдан бир китеп» сынагында да Мукай Элебаевдин «Узак жол» чыгармасын окуп, төртүнчү орунду багындыргам. Бул жолу баш байгеге жетиштим. Аябай толкунданып жатам». 

Акыркы жылдары китеп окуу маданияты аксап жатканын билим берүү тармагынын адистери кулак кагыш кылып келишет.

Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Ибраимова жаштарды китеп окууга тартуу аракети көрүлүп жатканы кубантарлык көрүнүш экенин айтат.

«Жаштарга жага турган заманбап китептерди которуп жатышат. Аларды алып чыгып коомчулукка сунушташууда. Мен билгенден алыскы аймактарда да жаштардын китепке болгон кызыгуусу күчөгөн. Жылдан жылга өсүшү керек. Токтобошу керек. Адам окуп жатат; өзүнө байлык топтоп жатат; ошол эле учурда сыйлыктарга ээ болуп жатат. Бул иш-чаранын дагы бир жакшы жагы: жөнөкөй жаранды да, мугалимдерди да, окуучуларды да камтып кеткени. Негизги максаты коомчулукту китеп окууга тартуу, окууну жана окутууну жакшыртуу болуп саналат»

Белгилей кетсек, китеп окуу сынагы Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, «Ыйык Ата Журт» коомдук фонду, «Секом» билим берүү жана өнүктүрүү борбору менен биргеликте уюштурулган.

Copyright © 2017 Maral FM