Биз менен байланышыңыз

Изилдөө: Адамзаттын IQ деңгээли эмнеге төмөндөп жатат?

Блог | 5 Ноя 2019 | 2204 | 0

Дүйнө жүзү боюнча интеллекттин көрсөткүчү төмөндөп жатканын бир катар изилдөөлөр ырастады. Акылсыз болуп бара жатабызбы? Бул суроого ар башка окумуштуунун изилдөөсү ар башкача жооп берип жатат. Бүткүл дүйнөлүк IQ көрсөткүчүнүн төмөндөшү генетикалык себептерден улам болуп жатканы көп айтылат. Себеби, акылдуулар карьера курууга басым жасап, ал эми интеллектуалдык дарамети төмөндөр балалуу болууга шашылышат экен.

Tiscali (Чехия): арылаган сайын, мокогон акыл. Эмнеге?

Адамзат көбөйүүдө. Баарыбызда, атүгүл тээ алыскы айыл-кыштактарда да интернет бар. Баарын билип, көрүп турабыз. Ошентсе да, акылыбыздын мокогону мокогон. Бул кандайча болуп жатат?

Вена университети жүргүзгөн эмпирикалык изилдөө көрсөткөндөй, европалыктардын дагы башка дүйнө эли сыяктуу эле, акылы төмөндөп бара жатат. Бирок буга чейин интеллектуалдык деңгээл бир гана өсүп отурган. 1909-жылдан 2013-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча интеллект коэффициенти (IQ) 30 баскычка көтөрүлгөн. Бул Флинн эффекти деп аталат. Же жалпак тил менен айтканда, калктын IQ деңгээли ар он жылда үч баскычка көтөрүлүп турган.

Мындай өсүүнүн себеби көп. Мисалы, толук кандуу, туура тамактануу, мыкты медициналык тейлөө жана менталдык шык. Биз узакка жана көп окуйбуз. Ошондой эле, мунун баары генетикага байланыштуу да болушу мүмкүн. Бирок IQ тестирлөөсүнүн ыкмасы өзгөргөнү да маанилүү роль ойнойт.

Адамзаттын акылы мокоп жатабы же биз IQ деңгээлин туура эмес аныктап жатабызбы?

Эгер ХХ кылымдын башында жашаган адам менен салыштырып карай турган болсок, бүгүнкү адамдар акылдуу. Флинн эффекти 80-жылдардын ортосуна дейре таасир эткен. Так ошол маалда Европанын бул тармагында кризис башталган. Соңку байкоолор көргөзгөндөй ушул мезгилден тарта интеллекттин жогорулоосу басаңдаган. Карама-каршы тенденция да айтылып келе жатат. Адамзаттын IQ  деңгээли төмөндөп жаткандыгы бүгүн бардык дүйнө боюнча байкалууда.

Вена университетинин интеллектти изилдөө боюнча адиси Якоб Питшниг мындай дейт: “Биз бизге керектүү жөндөмдөргө тиешелүү нерселерде акылдуубуз. Ошол эле маалда бизге анча маанилүү болбогон тармактар үчүн интеллектибиз алсыздыгын көрсөтөт”.

Грамматикалык жана риторикалык жөндөмдөр, математикалык сабаттуулук жана кең ой жүгүртүү сыяктуу жалпы билимдер – интеллекттин өзгөчө формасы. Эгер 1909-2013-жылдарда логика боюнча өсүү 37 баскычты түзсө, конкреттүү билимдер 22 баскычты камтыган. Ал эми Европада 18ден бир аз төмөн эле.

Мындан улам, адамдар тест учурунда абстракттуу образдарды бат аңдап, кең ой жүгүртүп, тандоону бат жасашат. Бирок башка тармактарда көрсөткүч мындай жакшы эмес.

Питшниг бул нерсени мындайча түшүндүрөт. Жүз жыл мурун адамдардын жөндөмдөрүнүн баары суроо-талап туудурса, азыр бир эле тармактагы жогорку жөндөм талап кылынат. Башкача айтканда, мурун баарын аз-аздан билүү керек болсо, азыр конкреттүү бир нерсенин майын чыгара жасай билүү керек.

Адам көнүп, ылайыкташууга жөндөмдүү

Венанын салыштырма изилдөөлөрү көрсөткөндөй, биз акыл жөндөмүбүздү айлана-чөйрөгө ылайыктап алат экенбиз. Акыркы он жылдыктар үчүн компьютерлешүү жана санариптик технологиянын жайылышы мүнөздүү. Эгер ондогон жылдар мурун эле колубузга секундомер кармап космоско учуп келсек, бүгүн дээрлик өзү жүргөн унаалар бар. Тест тапшырган адамдар сөз байлык, математикалык жөндөм, жалпы дүйнө тааным сыяктуу бөлүмдөрдө жогорку балл ала алышкан эмес. Мунун баарын адамга караганда смартфон жакшы аткарат жана техника улам өнүгүп отурмакчы.

Бүткүл дүйнө боюнча IQ деңгээлинин төмөндөшү генетикалык себептер менен да түшүндүрүлөт. Себеби, акылдуулар карьера курууга басым жасап, ал эми интеллектуалдык дарамети төмөндөр балалуу болууга шашылышат. Кээде интеллектин начарлашын миграциялык агымга жана анын кесепетине байланыштырышат. Бирок изилдөөлөргө мигранттар катышпагандыктан, бул ойду ырастап же четке кагуу мүмкүн эмес. Бул эми түшүнүктүү нерсе. Кандайдыр бир себептен улам башка өлкөгө жөнөгөн адам, жетип эле өз IQ деңгээлин текшертпейт да.

Акыл жөндөмүнүн төмөндөшүнө багытталган дагы бир изилдөө бул нерсени глобалдык ысууга байланыштырат. Аптап, уйкунун, суюктуктун жетишсиздиги мээнин иштешин чектейт жана бул нерсе далилденген. Бирок Питшнигдин айтуусуна караганда, бул факторлор тесттин ошол кездеги гана жыйынтыгына таасир этип, а Флинн эффектисине байланыштуу узак мөөнөттүү тенденцияларга тиешеси жок.

Адамдар аз окуп, көбүрөөк экран тиктеп калышты

Жогоруда айтылгандай, интеллектуалдык деңгээлдин өзгөрүшү техника жана маалымат технологияларынын жайылышы менен байланыштырылат. Кыскасын айтканда, баарыбыз аз окуп, убакытты көбүрөөк онлайн өткөрүп калдык.

Айрымдар компьютерлер менен смартфондор бизди акылдуу кылууда, биздин логикалык ой жүгүртүүбүзгө пайда деп эсептешсе, экинчи тарап “жок, мына ошолордун айынан бир нерсени эстеп калуу, көп ойлонуу зарылчылыгы жоголуп баратат” деп санашат. Бирок бул нерсе айрым жөндөмдөрдү жоготуу менен башка жөндөмдөргө ээ болуу дегенди билдирет деген ой да бар.

Венадагы Зигмунд Фрейд атындагы жеке менчик университеттин профессору Рейнолд Попптун ою боюча, бул өңүттөн алып караганда, интеллектин төмөндөшү эмес, интеллектин профилинин өзгөрүүсү байкалууда. IQ деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу IQ деңгээлин өлчөө үчүн колдонулган салттуу ыкмалар канчалык деңгээлде анык деген суроо жаралат.

Акылыңда эсептөө жана грамматиканы билүү – ийгиликке алып барчу жөндөмдөрдөн эмес. Айлананы караганыбыз эле жетиштүү. Биздин урматтуу премьер министр же ийгиликтүү ишкер чех тилин мыкты билишкен, сөзмөр адамдарбы? Бүгүн ийгиликтүү адамдардын риторикасын жана эсептерин жүргүзүүчү топтору иш алып барат. Бүгүн баарынан да Марк Цукерберг  сыяктуу адамдарга мүнөздүү креативдүүлүк бааланат.

Адамдар техниканы ойлоп табуу менен өз жөндөмдөрүн жакшыртып отурушканы тарыхый чындык. Андыктан, маалыматты сактоону же эсептөө операцияларын машиналарга ишенип тапшырганыбыз мыйзамченемдүү көрүнүш. А биз компьютерлер аткара албаган нерселерге басым жасаганыбыз оң. Мисалы: түшүнүү, комплекстик контексттерди пландоо жана креативдүү кылып түзүү, рационалдык анализдөө, этикага негизделген социалдык эмпатия жана баалуулуктар. Мунун баары биздин интеллектке да таасирин тийгизбей койбойт. Жакшы жагынабы, терс жагынабы – убакыт тараза.

Булак: www.tizcali.cz

Copyright © 2017 Maral FM