Биз менен байланышыңыз

Иш күндөрүн жемиштүү өткөрүңүз

Блог | 9 Янв 2023 | 1739 | 0

«Жемиштүү» күн деген эмне? Ал кандай? Башка жөнөкөй күндөрдөн эмнеси менен айырмаланат? Күндү ийгиликтүү өткөрүү үчүн эмне кылуу керек? Жыл башындагы эс алуу күндөрү аягына чыгып, көпчүлүктүн иш күндөрү башталды. Ар бир адам өзүнүн иш күнүн ар кандай баштайт, өткөрөт. Кээ бири көп жумуш аткарганга жетишсе, башкалары иштин майын чыгара албай, эмнеден баштоо керектигин билбей кыжалат боло берет. Мындай абал адамга сөзсүз түрдө терс таасирин тийгизбей койбойт. Туура башталган күн өз жемишин алып келери белгилүү. Ал үчүн жөнөкөй эрежелерди адат кылып алыңыз, ошондо гана көңүлүңүзгө жаккан ишке көбүрөөк убакыт бөлө аласыз.

Күн сайын жашоону жаңы барактан баштаңыз

Жашоону толугу менен көзөмөлгө алып, «шамалдын багыты менен эмес, өзүңүзгө керектүү болгон жол менен» кетүүгө үйрөнүңүз. Ошондуктан алгач эле убактыңыздын көбү эмнеге кетип жатканын аныктаңыз. Биринчиден өзүңүзгө так болуңуз. Мисалы, сиз социалдык тармактарга, көңүл ачуучу видеолорду көрүүгө, интернеттеги пайдасыз макалаларды окууга, жөн эле сыналгынын маңдайында отурууга күнүнө канча убакыт коротосуз? Бул үчүн төмөнкүдөй ыкмаларды колдонсоңуз болот: убакытты өлчөй турган ыңгайлуу программа колдонсоңуз болот (издөөдөн «хронометраж» деп жазсаңыз программалардын тизмеси чыгат); Excel таблицасын колдонуңуз (эгерде сизге ыңгайлуу болсо); же жөнөкөй эле ак барак алып 10-15 мүнөт сайын эмне кылганыңызды жазып туруңуз.

Эрте туруңуз

Эрте туруу менен сиз эч кандай стрессиз, жайбаракат көп жумуш аткарасыз, күнүңүз толугу менен ийгиликтүү өтөт. Бир гана кыйынчылыгы өзүңүздү эрте турууга көндүрүү. Ошондуктан алгачкы күндөрү сизге кыйын болушу мүмкүн, бирок аны жеңүү менен сизде кошумча бир же эки саатыңыз пайда болот.

Күндү суу ичүү менен баштоо зарыл

Тургандан кийин бир стакандан суу ичип туруңуз. Суу организмге жетиштүү деңгээлде нымдуулук берет жана мээнин эффективдүү иштөөсүнө жардам берет. Өзүңүз да тез ойгоносуз.

Эртең мененки медитация

Жөн гана тынчтыкта 10-15 мүнөт эч нерсе ойлонбостон отуруңуз. Өзүңүздү бош коюп, бүт көңүлүңүздү дем алууга коюңуз. Кокусунан сизге ар кандай ойлор келсе, а бул сөзсүз болот, аларды бошотуңуз да, жай дем алууну улантыңыз. Натыйжада бардык иштер күндөгүдөн жеңил аткарылат да, көздөгөн максатка тез жетүүгө мүмкүн болот.

Башталган күндүн биринчи сааты – алтын саат

Башталган күндүн биринчи сааты – эң маанилүү саат. Аны өзүңүздү өстүрүүгө болгон аракетке жумшаңыз. Пайдасыз, кереги жок маалыматтардан арылыңыз. Китеп окууга көнүңүз.

Спорт менен машыгуу

Спорт менен машыгуунун ыңгайлуу учуру – бул эртең мененки убакыт. Спорт менен алектенүүгө эртең менен көңүл бөлсө, көбүрөөк пайда алып келет. 10-15 мүнөт зарядка жасасаңыз да, чуркан келсеңиз да жетиштүү.

Күнгө план коюңуз

Башталган күнгө түзүлгөн планыңызды карап чыгыңыз. Пландоо менен сиз эмне маанилүү жана маанилүү эмес экендигин баамдап, өзгөртүүлөрдү киргизе аласыз. Маанилүү делген жана экинчи пландагы жумуштарыңызды бөлүп алыңыз да, аларды четинен аткара баштаңыз.

Copyright © 2017 Maral FM