Биз менен байланышыңыз

Айдоочуларга кеңеш: Кыймылдаткычты иштен чыгарган каталар

Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 13272 | 0

Айдоочулар унаа кыймылдаткычынын иштен чыгып калуусунан кантип сактанса болот? Негизи эле кыймылдаткычка кантип туура кам көрүү керек? Бул суроолорго уста Дилшат Маматов жооп берип, кеңештерин айтып берди.

-Унаа кыймылдаткычынын иштен чыгышына көбүнчө эмне себеп болот?

-Мунун биринчи эле себеби – өзүбүздүн шалаакылыгыбыз. Унаабызды канчалык деңгээлде сүйүп, көңүл буруу менен карасак,ошончолук бизге кызмат кылат жана бузулбайт. Фильтрди убагында тазалап, текшертип турушубуз маанилүү. Көбүнчө чаң баскан фильтрлер тазаланбай калгандыгы үчүн аз убакыттын аралыгында тез-тез бузула баштайт. Аны менен гана чектелбестен, майдын сапатына да өзгөчө маани беришибиз керек.

-Майдын кыймылдаткычтын иштешиндеги орду канчалык?

-Унаа үчүн биринчи орунда май турат. Ал адамдын каны сыяктуу эле темир тетиктердин иштешин жакшыртып турат. Ошол үчүн майды убагында алмаштырбаса, ал сапатын жоготот.  Азыркы күндө бизде майлардын ар кандай түрлөрү чыгууда. Май алмаштыруучу жайларда кээ бир майларды 5000-6000, 8000 чакырымга жетет деп жазып берип жатышат. Ошого жетпей эле майдын сапаты өзгөрүп, күйүп баштайт. Май күйгөн кезде кольцеге жана коленвалга күч келип, темирге тийип, бири-бирине майланбай калат. Ошон үчүн 1000-2000 чакырым алдын ала алмаштырып турса, кыймылдаткычтын  иштен чыгышынын алдын алган болот.

-Майдын кыймылдаткычка куюлгандагы нормасы кандай болушу керек?

-Муну текшерген каражатты биз “щуп”деп атайбыз. Ал өлчөөчү куралда жогорку жана төмөнкү көрсөткүчү болот. Ошол экөөнүн ортосунда алып жүрүү керек. Көбөйүп кетсе же азайып кетсе дагы зыян болот. Көбөйүп кетсе сальниктерден май чыгып кетиши мүмкүн, азайып кетсе дагы кыймылдаткычта май жүрбөй калып, темирлер бири-бирин “жей” баштайт.

-Суук мезгил  келе жатат. Ошол учурда  унааны кызытыш керек же от алдырыш керек болот. Мындайда унаага кантип кам көрсөк болот?

-Албетте, кышта суук күчөйт. Мындай суукта эртең менен май коюу абалда болот. 5-10 мүнөт май ысыганча газды баспай, өзүнүн жүрүшүндө кармап туруш  керек. Газды басып ийип кыймылдаткычты иштен чыгарып алышат. Май өткөрүүчү каналдар, май коюу кезинде өтүшү кыйын болот. Ошондуктан ысытып, бир аз убакыт күтүп туруу туура болот. Катуу суукта 10 мүнөттөн кем эмес убакыт ичинде кызытуу керек. Майдын градусу 40-50гө көтөрүлгөн учурда айдаганга болот.

-Кыймылдаткычтын иштешине күйүүчү май да чоң таасир этсе керек. Бул боюнча кандай кеңештерди айта аласыз?

— Негизинен майды аныкташ бир аз кыйынчылыкты туудурат. Май куйган жайларыбызга да ар кандай күйүүчү майлар келип жатат. Мисалы, АИ-92 куйсаң, АИ-80 чыгып калат. Ошол үчүн буга кылдат кароо керек. Анан ар бир  унаада кайсы түрдөгү майды куюш керек экендиги көрсөтүлүп турат. Эгерде ал жерде көрсөтүлгөндөн төмөн түрдөгү майды куйса, анын бир канча кесепеттери болорун да айта кетүү керек. Унаа жакшы от албай, күйүүчү май начар болсо, кара түтүн чыга баштайт. Натыйжада, кыймылдаткычтын иштеши начарлай баштайт. Ошол үчүн сапаттуу күйүүчү майларды куйганга аракет кылышыбыз керек.

-Эми абага көңүл бурсак, фильтрлердин таза сакталышына абанын дагы ролу чоң экенин баса белгиледиңиз. Себеби эмнеде?

— Унаа аба менен жүрөт, адам аба менен дем алган сыяктуу, унаа да дем алат. Аба кирбесе, унаа от албайт, жүрбөйт. Башкача айтканда, ордунан жылбайт. Булганган аба киргенде, цилиндрге барып такалып, кольцелерге таасир этип, четинен желине баштайт. Таза аба кирсе, май менен кошо күйүп, чыгып кете берет.

— Аба фильтрлеринин мөөнөтү болобу?

-Мөөнөтү жок десем деле болот. Ар кандай жашоо шартына карап өзгөрөт. Мисалы, тоо-ташта, чаңдарда айдасаң, бир айдын ичинде тез эле чаң толуп калат. Шаар жергесинде  айдасаң бир топ таза. Биринчи ирет чаңды тазалатып, экинчисинде алмаштырган оң.

-Кыймылдаткыч толук иштен чыгып калганга чейин кантип алдын алса болот?

-Албетте, кыймылдаткычтын иштен чыгууга жакындап баратканын унаанын жүрүшүнөн байкаса болот. Унаа аз өлчөмдө май иштетип баштайт жана май азайып баштайт, май түтөбөйт, бирок көрсөткүчү түшө баштайт. Андан бир аз өтүп унаа түтөп, ар кандай үндөр чыга баштайт. Негизинен, унаага убагы менен көңүл буруп, кандай үн берип жаткандыгын усталарга угузуп, текшертип туруу керек.

-Угуп жаткан кезде эмнелерди аныктап койсо болот?

— Унаа жаңы кезинде үнү жакшы чыгарын баары баамдайт. Бара-бара үнү өзгөрө баштайт. Унааны айдаардан мурда, бир аз маалымат алып, унаанын тетиктери менен таанышып, айдоочу күбөлүк алып жаткан учурда көңүл коюп, деги эле түзүлүшү тууралуу билип алса, көп нерселерди байкоосуна өбөлгө түзүп берет.

-Унаанын биринчи кыймылдаткычы менен кийин башка коюлгандын ортосунда айырмачылык болобу?

-Албетте. Биринчиси, бул заводдон чыккан, тетиктери түп нуска жана сапаттуу болот. Бизге андай тетиктер келбейт, жокко эсе десем болот. Өзүм да ал өлкөлөрдө болуп келдим. Ал жактагы тетиктердин баасы менен биздин жерибиздеги бааларды такыр салыштырып болбойт. Заводдон чыккан унааларды алып келсең, 6-7 же 10 жылдан ашык убакыт аралыгында кызмат кылат. Бул жактагы биздин салган тетиктер менен жакшы көзөмөл кылган унаа ээлери ашып барса 4-5 жыл колдоно алат, болбосо 2-3 жылдын ичинде эле иштен чыгып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM