Биз менен байланышыңыз

Китеп окуу стилиңиз сиздин интеллектиңизди аныктайт

Блог | 20 Сен 2019 | 10275 | 0

Эмне үчүн дүйнөдөгү эң акылдуу адамдардын алар окуй элек тоодой болгон китептери бар экенин айтып беребиз. Текчелерде ар бир автор көп жылдар бою жакшыртып, жылмалап жазган адамзаттын баалуу акылы, ачылыштары катар тизилип турат. Мунун бардыгы бул жерде, сиздин колуңузда жуурканга оронуп алып окугуңузду келтирген форматта чогулган.

Канчалык китептер чогулган сайын сиздин ачкөздүгүңүз дагы ошончолук өсө баштайт. Жок, сиз сатып алып жаткан бардык китептерди окууга болгон умтулууңуз эмес. Окуп баштаган китептериңизди аягына чейин окубаганга болгон ачкөздүк.

«Сизде бардыгын окууга убактыңыз жок болсо да, китеп текчелеринин же ридердин толуп калышы сизге пайдалуу болот». (Жессика Стиллмен)

Бул макалада эмне үчүн үйдө чачылып жаткан окула элек китептерди окууну үйрөнүүгө умтулган жана чын эле ал үчүн убакыт бөлгөндөр чындыгында интеллектуалдуу болушарын далилдейбиз. Ар кайсы жерде окула элек чачылып жаткан китептер акылдуу адамдын мүнөзү гана болбостон, мындай инсандар абдан жакшы компанияны түзүп бере алышат.

Ийгиликке жетишкен көпчүлүк адамдар сатып алган китептеринин 20-40 пайызын гана окушат. Алардын жарымынан көбү бир учурда 10 китепти окуй алат. Мисалы, китепти жакшы көргөн окурмандардын бири, ишкер-миллиардер мындай дейт: «Мен сатып алган китептеримдин ичинен мүмкүн, үчтөн бирин окуп бүтүрөм. Жыйынтыгында мен жумасына 1-2 китеп окуп бүтөм». (Патрик Коллисон)

Эмне болуп жатат?

Билим биздин коомдогу болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөрдүн негизинде, айланадагы окурмандык адаттарды изилдеп жатып, биздин жаңы заман издөөнүн жаңы ыкмаларын, чыпкалоону, билимди түрмушта колдонууну үйрөтөрүн айта алабыз. Ошондо гана жашоону жакшы жакка өзгөртүүгө болот.

Эми дүйнөлүк масштабдагы ишкерлерден алынган эң маанилүү лайфхактарга көңүл бурабыз.

Биз билим коому катары өзгөрүү учуруна жеттик. Китептер аркылуу берилген метамаалыматтар (б.а. автордук интервьюлар, автордук презентациялар, китептерге аннотациялар, обзорлор, цитаталар, биринчи жана акыркы бөлүмдөр ж.б.) көпчүлүк учурда китептин өзүнө караганда баалуу келет.

Эмне үчүн? 

Мунун бардыгы бекер. Бул маалымат сизге китепти сатып алганга чейин көп нерсени билүүгө жардам берет.

Бул мультимедиа. Бардык бул маалыматтар аудио, текст жана видео түрүндө жеткиликтүү, ошон үчүн ал сиздин күнүмдүк турмушуңузга туура келет (мисалы, жол жүрүүдө, же болбосо иште окуй аласыз).

Ошон үчүн окуунун мындай жолу "фракталдуу" деп аталат, анткени фракталдар - бул масштабына карабастан жеке  паттерндерди тапкан структуралардын фигурасы.

Китепти башынан аягына чейин окугандан көрө, фракталдык түрдө окуу пайдалуу. Анткени анын мазмунунун маанилүүлүгүн тез билип, андан ары окууга болобу же башка китепти окуй башташ керектигин алдын алат.

-Бул кандайча ишке ашат:1-2 китептик аннотацияны окуңуз. Ар бир китеп жөнүндө бир нече аннотацияларды табууга болот, аларда эң маанилүү делген маалымат камтылган.

- Автордун интервьюсун угуңуз.

- Автордун презентациясын көрүңүз.

- Пайдалуу болгон 1-5 жылдыздуу рецензияларды окуңуз.

- Китептин биринчи жана акыркы бөлүмдөрүн окуңуз. Биринчи жана акыркы бөлүмдөрдө эң маанилүү маалыматтар камтылган ( эгерде бүт көңүлүңүз менен романды окугуңуз келсе, бул ыкманы колдонуу жарабайт).

Ааламда миллиарддаган адамдар миңдеген жылдар бою билимди өстүрүп жана аны документтештирип жашашкан. Бир адамдын билгени коллективдик билим менен салыштырмалуу деңиздин бир тамчысына гана барабар. Жана бул деңиз болуп көрбөгөндөй тездикте кеңейип келе жатат. Качандыр бир кездерде жашап өткөн окумуштуулар - биздин замандаштар!

Эгерде адамзат алдыда изилдей турган билимдер  жана ачууга жетишкен ийгиликтер жөнүндө айта турган болсок, анда биринчиси бүткүл Ааламга тең, ал эми экинчиси кумга тең. Күнүмдүк жашоодон алган тажрыйбанын ненизинде, биз көп нерсени билебиз. Бардыгы жакшы болгон учурда чуулгандуу жашоо башталган сыяктуу сезилет. Циклдин башында эмес, аягында тургандай болобуз.

Ооба, биз концептуалдык түрдө бардыгын билбегенибизди айта алабыз, бирок физикалык жактан сезбейбиз.

Антикитепкананы түзүү менен, б.а. өзүбүздүн үйүбүздө окулбаган китептерди чогултуу менен ушуга окшош сезимди билүүгө болот. Инвестор жана бестселлерлердин автору антикитепкананын баалуулугу жөнүндө "Черный Лебедь" аттуу китебинде мындай деген:

"Жеке китепкана - имидждин кемчилиги эмес, а иш куралы. Окулган китептер окула электерге караганда, анча маанилүү эмес. Жыл сайын сиздин билимиңиз жана китепканаңыз өсө берет, жана кысылып бара жаткан китеп текчелери сизди коркутуп карай баштайт. Чынында, сиздин кругозоруңуз канчалык кең болсо, сизде ошончолук окулбаган китептер пайда боло баштайт. Бул окулбаган китептердин жыйындысынантикитепкана деп атайлы.

Мындай ойго бир гана Талеб кошулган эмес. Италиялык жазуучу жана философ Умберто Эко 30 000 ашык китеп чогулткан. Томас Жефферсон 6000 даана китеп чогулткан. Билл Гейтстин үйүндө көптөгөн бөлмөлөр бар, бирок эң сүйүктүүсү - анын эң ири 2100 кв. метр аянттагы китепканасы болуп саналат.

Миллиардер, Stripe  долбоорунун негиздөөчүсү мындай тезисти айтат:

"Убакыттын ар кайсы учурунда сиз дүйнөдөгү (сиз үчүн) эң мыкты китепти окуй бериңиз. Эгерде андан башка укмуштуудай китепти жолуктуруп калсаңыз, анда аны эч күмөнсүз таштай берсеңиз болот. Б.а. сизди эмнеге үйрөтүшкөнүн эстеңиз да, бардыгын тескерисинче жасаңыз.  Бардык күчүңүз менен баштаган китебиңиздин аягына  чейин окуунун ордуна өзүңүзгө бул китепти кийинкиге калтырууга мүмкүнчүлүк бериңиз, албетте, эгерде баалуураагын тапкан учурда гана. Жашоо кыска, ал эми дүйнөдө абдан жакшы китептер аябай көп. Бирок аталышы жагымдуу көрүнгөн жаңы чыккан китеп үчүн эле мыктысын таштап салуудан сак болуңуз.

Китептен китепке жөнү жок эле өтүп жатпаганыңызды кантип билсе болот? Бул учурда фракталдык окуу жардамга келет. Эгерде китеп жөнүндө метамаалымат көңүлүңүздү албаса, демек аны окуунун кереги жок.

Таргеттелген жарнама эффективдүү экени белгилүү. Адресат аны ар кандай абалда кабыл алат. Китептер да ушундай.

Эбен Паган китеп текчесин интеллектуалдык баалуу плейлисттер менен салыштырат:

"Сиздин текчеңиздеги эң баалуу китеп - бул али окуй эле китебиңиз. Эгерде ал сиз баалаган китеп болсо, демек аны окууга убакыт келе элек. Мүмкүн аны окууга бир, же он жылдан кийин өсүп жетилесиз. Бирок китепти кайсы бир учурга дал келген маалда байкап калсаңыз, сөзсүз түрдө алып окуйсуз".

Китепти "журнал" катары окуу - күчтүү метафора. Журналды колубузга алганда, эгерде кээ бир барактарын өткөрүп жиберсек, же беш мүнөттүн ичинде аягына чейин барактап чыкканда уялууну сезбейбиз. Тескерисинче, биз журналды кандайдыр бир кызыктуу макаланы таап окуу үчүн карайбыз. Бул ыкма бир нече деңгээлдерде абдан күчтүү:

- Терең изилдөөгө мүмкүн болгон маанилүү маалыматты тапканга жардам берет.

- Терең изилдей турган кайсы бир маалыматтан максималдуу түрдө пайда алууга үйрөтөт.

- Окууну оңойлотот.

Ооба, азыркы убакта бир нерсеге көпкө чейин көңүл коюу мурдагыга салыштырмалуу мүмкүн эмес. Эч нерсеге алаксыбастан, бир нече саат бою китеп окуган жакшы, бирок, эгерде бул нерсе так аткарылбаса, эч кандай пайда алып келбейт.

Технологиялык инвестор жана ишкер Навал Равикант көпчүлүк баалуу китептердин арасында башка китептер үчүн базис болгон эски булактар бар экендигин байкаган. Ал мындай китептердин баалуулугун Тим Феррисстин подкастарынын биринде аныктаган:

" Көйгөй канчалык улуу болсо, чечим да ошондой улуу. Эгерде эски темаларды талкуулай турган болсок, мисалы, денени кантип чыңдаш керек, кантип көңүлдүү жүрүү керек, үй-бүлөнү кантип түзүү керек... мындай көйгөйлөр үчүн эски чечимдер жаңыларга караганда эффективдүү, анткени алар убакыттын сыноосунан өткөн. 2000 жыл жашаган кайсы гана китеп болбосун көп адамдын "фильтрлөөсүнөн" өткөн".

Китеп сүйүүчүнү жана акылдуу адамдын үйүндө болуп, экөөнү айырмалоо чынында оор. Ал экөөнүн тең үйүнүн ар кайсы бурчунда китептер чачылып жаткан болот. Бирок бул окшоштуктар үстүртөн эле. Негизинен китеп сүйүүчүнүн жана акылдуу адамдын ортосунда үч маанилүү айырмачылык бар.

- Акылдуу окурмандардын кийинкиге калтырып окуу ритуалы калыптанган.  Беш сааттык окуу эрежесин кармануу керек: көптөгөн ишкерлердин жана лидерлердин мисалында, суткасына бир сааттан китеп окууга убакыт бөлүңүз.

- Акылдуу окуганды үйрөнүп турат. Б.а. ал китеп окууга болгон убакытын максималдуу түрдө пайдалуу кылып коротууну билет.

- Акылдуу окурмандар өзү каалагандай жыйынтыкка жетмейинче аракетин токтотушпайт.

Теоретикалык билимдердин баалуулугу - аларды практикада колдонууну билүүдө жатат.  Эгерде бул үч принципти акырындык менен колдонсоңуз, анда жакын арада күнөөлүү болуу сезимиңизден айрылууга убакыт келет. Сиз китеп текчеңизде турган бардык китептерди окууга милдеттүү эмессиз. Ал эми китепти окуу үчүн текчеден алсаңыз, аны аягына чейин окууга да милдеттүү эмессиз.

Китеп сүйүүчү китебинин саны канчалык көп болсо, ошого сүйүнөт, ал эми акылдуу адам өзүнүн китептеринин ичинен бирөөнү алып окуганга мүмкүнчүлүгү жеткендиги менен сыймыктанат.

Которгон: Махабат Соконова

Copyright © 2017 Maral FM