Биз менен байланышыңыз

Элиф, Сулейман, Миран. Түрк сериалдары ысым коюуга да таасир берип жатабы?

Кыска кабар | 17 Авг 2023 | 342 | 0

Бала төрөлгөндө ысым ыйгарууга бардык ата-энелер өзгөчө маани берет. Кыргыз коомчулугунда көпчүлүк учурда балдарына ысым берүү укугун улууларга, ата-энелерине берсе, айрым үй-бүлөлөр баары чогуу карап, анан ысым ыйгарышат.

Балдарга коюлган ысымдар ар бир мезгилдеги саясий, маданий, экономикалык абалга же ошол мезгилдин таланттуу ырчы, актер, актрисаларына байланыштуу да өзгөрүп келет. Мисалы Кыргызстанда 90-жылдардын башында кыздарга Айпери, Айгерим, Айзада, Асель, Айтурган деген ысымдар берилсе, эркек балдар арасында Эламан, Тынчтык, Замир, Мирбек деген ысымдар көп болсо, 2000-жылдары башында ошол кездеги эстрада жылдыздарынын ысымдарынан Бек, Сыймык, Кутман деген аттар популярдуу болгон.

70-80-жылдары Советтер Союзунун учурунда  ошол кездеги саясий көз караштан улам пайда болгон Мелис (Маркс-Энгельс-Ленин-Сталин) сыяктуу ысымдар да коюлган.

«Марал» радиосу акыркы кезде түрк сериалдарынын каармандарын жана түркчө ысымдарды койгондордун статистикасын билүү үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментине кайрылдык. Алар берген маалыматта, 8 айдын ичинде кыздарга Түркияда популярдуу болгон Эсманур, Элиф, Селин, Жансу сыяктуу ысымдар Кыргызстанда да коюла баштаган. Ал эми эркек балдарга Сулейман, Мустафа, Ибрагим ысымдары көп колдонулган.

  Кыздарга коюлган ысымдар:

1) Эсманур – 112

2) Элиф – 65

3) Мирай – 38

4) Селин – 19

5) Эсра -15

6) Жансу – 2

Эркек балдарга коюлган ысымдар:

1) Мустафа — 477

2) Сулейман – 56

3) Ибрагим – 231

4) Миран – 42

5) Харун – 18

6) Омер – 1.

Ал эми жалпы жонунан алганда 2023-жылдын 1-январынан 1-августуна карай кыздарга Салиха, Раяна, Алия, а балдарга Мухаммад, Умар, Али ысымдары эң көп коюлган.

Кыздар

1) Салиха —  2253

2) Раяна — 1610

3) Алия — 1609

4) Амина  — 1595

5) Фатима — 1567

6) Альфия — 1512

7) Сафия — 1506

8) Айлин — 1455

9) Аруузат — 1246

10) Аиша — 1231

Эркек балдар

1) Мухаммад 3343

2) Умар 2734

3) Али 1975

4) Амир 1508

5) Рамазан 1385

6) Билал 1307

7) Алихан 1268

8) Алинур 1234

9) Усман 1217

 

Copyright © 2017 Maral FM