Биз менен байланышыңыз

Талдоо: Бардык көйгөйдүн чечилишин кара куурайга байланыштырган «Легалайз»

Блог | 24 Ноя 2021 | 636 | 0

«Легалайз» партиясы аты айтып тургандай эле кара куурайды мыйзамдаштырууну көздөйт. Алар ушул жол гана өлкөнү саясий, экономикалык, экологиялык жана социалдык кризистен аз жыл ичинде чыгарарына ишенет.

Партия кара куурай өстүрүүнүн жана пайдалануунун технологиясы тууралуу маалыматтарды архивден да издеп, аны заманбап шартта иштетүү менен элдин көп колдонгон товарына айланышы мүмкүн деп коңгуроо кагууда.

Партия рыноктогу биопластикти, кагазды, текстилди, дары-дармектерди жана майларды өндүрүүдөгү боштукту колдонуу менен өлкөнүн негизги киреше булагына айландырууга ишендирүүдө. «Легалайз» кара куурайды мыйзамдаштыруу он миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүп, миллиондогон туристтерди, миллиарддаган инвестициялык долбоорлорду тартат деп ишенимдүү айтууда. Бул кантип эсептелип чыккан сан жана мындай жыйынтык үчүн кара куурайды пайдаланууга уруксат берүү эле жетиштүүбү? Бул суроонун жообу программада жок.

Кара куурайды 3 этап менен иштетүүнү сунуш кылат.

Техникалык легалайз –кара куурайды айдоо, кайра иштетип, биопластик, кездеме, май жана башка өндүрүмдөрдү алуу;

Медициналык легалайз – кара куурайды жана анын туундуларын медициналык максаттарда колдонуу;

Туристтик легалайз – туристтик жагымдуулугу үчүн рекреациялык максаттарда кара куурайды легалдаштыруу.

Партия парламентке келери менен мамлекеттин баңги саясатын башынан карап, кара куурайды легалдаштырууга ылайыкташтырат. Бул аркылуу эле жумушсуздукту азайтып, кылмышкерлердин санын азайтуу, инвестиция тартуу боюнча максаттарын да жазган.

«Легалайз» партиясы кара куурайды мыйзамдаштыруудан башка максатын жазган эмес. Өлкөдөгү бардык көйгөйдү ушул жол менен чечиле турганын ишенимдүү айтып жатышы да шайлоочулар ойлоно турган маселе. Андан тышкары кара куурайдын баңгизат катары саналары, аны мыйзамдаштырган соң тартиптин сакталышы, мыйзамдык кынтыксыз аткарылышы кандай болот? Бул суроонун негизинде да ой жүгүртүп коюу маанилүү.

Буга чейин «Ата-Мекен», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Альянс» саясий партияларынын программаларын талдаганбыз. Төмөнкү шилтемелер аркылуу окусаңыз болот:

1. Талдоо: «Ата Мекендин» курамы жаңы, программасы былтыркы

2. Талдоо: «Бүтүн Кыргызстан» парламентти бир мандаттуу округдардан түзгүсү келет

3. Талдоо: «Альянс» «атка жеңил, тайга чак» өкмөт түзөт

Copyright © 2017 Maral FM