Биз менен байланышыңыз

Талдоо: «Бүтүн Кыргызстан» парламентти бир мандаттуу округдардан түзгүсү келет

Блог | 22 Ноя 2021 | 1597 | 0

28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерден бюллетенде 2-катардагы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын программасын талдайлы.

«Бүтүн Кыргызстан» парламентти бир мандаттуу округдан шайлагысы келет

Жогорку Кеңешти бир мандаттуу округдардан шайланган 60 депутаттан турган Мыйзам чыгаруу жыйыны жана айыл округу, район, облус жана республикалык маанидеги ири шаарлардын өкүлдөрүнөн куралган Улуттук Курултай түзүшү керек. Жогорку Кеңеш жылдын жыйынтыгы боюнча Президенттин, Аткаруу бийлигинин, ар бир министрдин ишине өзүнчө баа берүүгө тийиш. Президентти эл түз шайлап, ошол эле мезгилде Кыргыз Өкмөтүн жетектөөсү керек.

Экономикалык саясат

Экономикалык тармакта ЕАЭБдин потенциалын колдонууга басым жасайт. «Камбар-Ата-1» баштаган ГЭСтерди куруп, Кыргызстанды электр энергиясын экспорттогон өлкөгө айландырат. Экологиялык таза продукцияларды, анын ичинде таза суу жана тамак-ашты, гидроэлектроэнергиясын, жаратылыш ташынан буюмдарды, жарым өткөргүч материалдарды өндүрүүнү жана экспорттоону колдойт.

Кыргызстандын «тышкы рыноктогу экологиялык таза айыл чарба жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн продукцияларын камсыз кылуучу» деген статусун кайтарат. Кыргызстанды экономикалык багыттан транзиттик өлкөгө айландыруу максаты да программага жазылган.

Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү саясат

«Кыргызстан Швейцариянын үлгүсүндө аймактык коргонуунун аскердик күчтөрүн өнүктүрүүсү керек». Мындай пикирди карманган «Бүтүн Кыргызстан» укук коргоо органдарын, СССР убагынан бери өзгөрбөгөн атайын кызматтарды реформалагысы келет.

Терроризм, экстремизм жана ар кандай глобалдык коркунучтардын алдын алып, күрөшүү үчүн тышкы чалгындоо органын өзүнчө түзүүнү каалашат. Ички иштер органдары кылмыш менен күрөшүү жана коомдук тартипти сактоо үчүн гана багытталышы керек деп эсептешет.

Социалдык көйгөйлөр да эске алынат

Социалдык маселелерди чечүү үчүн коомдогу орто классты көбөйтүүнү максат кылышкан. Ошондой эле социалдык камсыздоолорду дагы да натыйжалуу жүргүзүп, колдоонун даректүү болушун каалайт.

Билим берүү жана саламаттыкты сактоо

Бул багытта партия өсүп келаткан жаш муундарды мыйзамды сактоонун духунда тарбиялоо максатында идеологиялык ишти кеңейтүү жана тереңдетүү багытында иш жүргүзөт. Билим берүүнүн сапатын жана адистерди даярдоонун деңгээлин жогорулатуу үчүн «Улуттук» деген статус берүү менен 7 университет түзүүнү сунуш кылат, ал жерде Кыргызстандын өнүгүшү үчүн зарыл болгон адистер мамлекеттин эсебинен даярдалмакчы. Бүтүрүүчүлөр мамлекет жөнөткөн жерде 3 жыл иштеп берүүгө милдеттүү болушат.

Партия Кыргызстанга европалык деңгээлде жабдылган жана уюштурулган заманбап саламаттыкты сактоо системасы керек деп эсептейт. Медицина кызматкерлеринин татыктуу жашоо деңгээлин, ал эми медицина мекемелерин – зарыл техника менен камсыз кылуу үчүн саламаттыкты сактоо системасын каржылоо бюджеттен гана эмес, ошондой эле жекече да жүргүзүлүшү, бирок ошол эле ар бир жаран үчүн медициналык сапаттуу тейлөө кепилдиги сакталышы керек деген көз карашта.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы жаштар саясатынын жаңы концепциясын сунуш кылат

Ал концепция реалдуу ишке ашырылат, анткени аны чечүүнүн жолдору, механизмдери жана каражат булактары так аныкталып көрсөтүлөт. Ал жаштар саясатынын  чыныгы концепциясы болууга тийиш. Аталган концепция билим берүү, жаштарды социалдык жактан камсыздоо, жаш кадрларды мамлекеттик башкаруу системасына тартуу маселелерин өзүнө камтыйт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «өз арабасын өзү тартышы керек» деген түшүнүктү карманат

Алар республикалык бюджеттен жана трансферттерден көз карандысыз өздөрүнүн туруктуу каржы булактарына ээ болуусу керек. Өздөрүнүн каражаты жетишсиз болгон учурда жергиликтүү бюджеттен республикалык деңгээлде бекитилген төмөнкү ченемдер аркылуу каржыланышы кажет.

Чек ара аймагында жайгашкан калктуу конуштарга өзгөчө статус берүү керек деп эсептейт. Чек ара көйгөйүн чечүү үчүн «Чек ара аймактары жөнүндө» мыйзам кабыл алууну маанилүү деп санайт.

Партия айыл чарба багытында да өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо болушун талап кылат. Айыл жерлеринде которуштуруп айдоого мүмкүнчүлүктөрү бар ирилештирилген дыйкан жана фермердик чарбалар, аларды ар түрдүү кызматтар менен тейлеген кооперациялар колдоого алынарына убада берет. Андан сырткары дыйкандар өндүргөн товарларынын ортомчуларсыз жана жогору баада сатылышы үчүн мамлекеттик заказдарды да ишке киргизет.

Бул «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Боршайкомдун сайтына жарыяланган программасынан алынды. Программа көлөмдүү болгону менен анда айтылган убадаларды ишке ашыруу конкреттүү механизмдер менен көрсөтүлгөн эмес. Кандай жол менен, канча убакыт аралыгында ишке ашары боюнча да так жазылган эмес. 

1. Талдоо: «Ата Мекендин» курамы жаңы, программасы былтыркы

2. Талдоо: «Бүтүн Кыргызстан» парламентти бир мандаттуу округдардан түзгүсү келет

3. Талдоо: «Альянс» «атка жеңил, тайга чак» өкмөт түзөт

4. Талдоо: Бардык көйгөйдүн чечилишин кара куурайга байланыштырган «Легалайз»

Copyright © 2017 Maral FM