Биз менен байланышыңыз

Адахан Мадумаров жаңы конституция тууралуу пикирин айтты (видео)

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 1283 | 0

Адахан Мадумаров бүгүн, 1-мартта Фейсбук баракчасы аркылуу видео кайрылуусун жарыялады. Анда жаңы жазылган конституциялык долбоор Кыргызстанды жеке инсандын ишканасына айландыра турган Башмыйзам болгондугун сындаган.

Анын айтымында, жаңы Башмыйзамда сот системасы жок, бүтүндөй мамлекеттик түзүмдүн таш-талканы чыккан.

«Бул Конституция — «Баарын мен билем, баарын мен чечем, себеби элдин каалоосу ушул болуп жатат, кыргыз эли менден ушуну талап кылып жатат» деген өтө кара мүртөз, жакшылыкка алып барбай турган жол менен жазылган Конституция. Башкы прокуратурага мыйзам чыгаруу демилгесин берип коюу — дүйнө жүзүндө болбогон алешемдик. Анын аткара турган бир гана функциясы бар, ал — Кыргызстанда мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлгө алуу», — деди Мадумаров.

Ошондой эле ал Өкмөттүн ирилештирүү саясатын сынга алып, Социалдык фонддун Саламаттыкты сактоо министрлигине кошулганы таптакыр туура эмес болгонун айткан.

Мындан тышкары элге кайрылып, Конституцияга аяр мамиле кылууга чакырып, Башмыйзам бир партиянын уставы эмес экенин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM