Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2024-жылдын жыйынтыгы, өлкөдөгү экономикалык абал, адам укугу жана бул боюнча эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусу, социалдык маселелер тууралуу «Азаттыкка» маек берди.
Ал маегинде сырттан каржы алган бейөкмөт уюмдарга байланыштуу пикирлерин айткан.
Ошондой эле Элдик курултайда айтылган сөздөргө токтолуп, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын ысымы мисал катары келтирилбеши керектигин белгилеген.
«Эч кимге белгисиз болгон миллионер бейөкмөт уюмдар бар. Алардын катарында миллиондоп алып, отчетун жөнөтүп койгон көп кабаттуу үйлөрдүн кожоюндары бар. Ошолордун атын айтпай, элдин арасынан суурулуп чыккан, учурунда президент Садыр Жапаровго болушкан Азиза Абдирасулова айтылып калганы туура эмес болду.
Мен курултайдан кийин ага дароо чалып, өзүмдүн жана өкмөттүн атынан кечирим сурап: “Эжеке, туура эмес иш болуп калды. Мындай сөз айтылса дагы сиздин дарегиңизге айтылбашы керек эле. Таарынбаңыз, терикпеңиз. Мамлекет башчысына кээ бир учурда маалымат берилип, берилбей, ал деле өзүнүн сөзү оор болуп каларын сезбей калса керек. Садыр Жапаровдун сизге эч кандай кастык же жамандык сезими жок. Тескерисинче, ал бизге «элдин шагын сындырып албагыла, касташпагыла, элибиздин баары өз мекенинде болушу керек» деп айтат. Ал маалыматта айтылып жатпайбы, каражатты 2018-жылы алган экен. Андан бери Абдирасулова пенсияга чыкканын баарыбыз билебиз. Андыктан бул туура эмес иш болуп калды. Ага өлкөсүндө эч кандай коркунуч жок. Тескерисинче, ушул жерде үй-бүлөсү менен бакубат жашоосун улантышы керек. Биз дагы тиешелүү органдар аркылуу аны сооротуп, Кыргызстанга алып келүүгө аракет кылабыз», — деген Эдил Байсалов.
Ошондой эле, Азиза Абдирасулова баарыбыз сыймыктанган чынчыл, акыйкаттыкты издеген жана күрөшкөн, оор учурларда калыс сөзүн айтып жүргөн эжекелердин бири, — деп кошумчалаган.
Белгилей кетсек, декабрь айында укук коргоочу Азиза Абдирасулова өмүрүнө коркунуч келгенинен улам чет өлкөгө чыгып кеткени айтылган.