Биз менен байланышыңыз

Нуракун уулу: Мадумаровдо бир аз өзгөрүү болуптур

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Янв 2021 | 4300 | 0

Президенттикке талапкерлердин арасынан Адахан Мадумаровдун аудиториясы эбегейсиз чоң экен. Мындай пикирин журналист, Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын мурунку башчысы Ибраим Нуракун уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал «Маданий очок» долбоорунун алкагында Мадумаровдо өзгөрүүлөр болгонун байкаган.

«Мадумаровдо бир аз өзгөрүү болуптур. Анткени Мадумаров мурда журналисттер менен маектешкенде, суроого суроо менен жооп берип, шылдыңдап, ушул сыяктуу нерселерге жол берчү. Азыр анын кадимкидей токтолуп, канчалык курч суроо берилбесин, баарын көтөрүп, жооп берип кете бергенин, өзгөргөнүн байкадык», — дейт Нуракун уулу.

Анын айтымында, Мадумаров менен болгон маекте миңдеген суроолор түшүп, көрөрмандар да көп болгон.

Фейк аккаунттар да Мадумаровго көп чогулган. Ага кызыккандар абдан көп экени байкалган.

Нуракун уулу: “Маданий очок” долбоору максатына жетти

Copyright © 2017 Maral FM