Биз менен байланышыңыз

«Жапаров азыркы саясатчыларга үлгү көрсөттү»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Янв 2021 | 1900 | 0

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча жеңүүчү деп табылган талапкер Садыр Жапаров азыркы саясатчыларга үлгү көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын мурунку башчысы Ибраим Нуракун уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Көптөгөн депутат, министр, өкмөт мүчөлөрүн же болбосо саясатчы болом деген адамдарды коомдогу окуяларга карата пикирин айттыруу өтө оор. Алар бааланып, сүйлөөр-сүйлөмөксөн болушат да, журналисттер абдан кыйналат. Өтө маанилүү учурда башын кумга катып алышат. Ал эми Садыр Жапаров атайын тайпаларды түзүп, эл менен социалдык тармактар аркылуу байланышып, пикирин билдирип турганын айтты. Муну Жапаровдон саясатчылар да үйрөнүшү керек болуп калды», — дейт Нуракун уулу.

Анын айтымында, парламентти маалыматка ачык кылуунун үстүндө иштер жасалды. Алтымыштай депутатка журналисттер менен маектешүү, социалдык тармактарда иштешүү багытында кадимкидей тренинг уюштурулган. Аларды көргөн башка депутаттар да кызыгып келе башташкан.

Нуракун уулу белгилегендей, саясатчылар «журналист» дегенде чочулап, көпчүлүгү бекинип алышат. Мындан сырткары көп саясатчылар шайлоого карата үгүт убагында гана өздөрүн таанытууга ашыгат. Бул туура эмес. Ар бири медиа менен тыгыз иштешип, чакырылган жерге баруу кажет.

Copyright © 2017 Maral FM