Биз менен байланышыңыз

Нуракун уулу: «Маданий очок» долбоору максатына жетти

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Янв 2021 | 1372 | 0

Журналист, Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын мурунку башчысы Ибраим Нуракун уулу «Маралга» берген маегинде шайлоо алдындагы «Президенттикке талапкерлер менен маданий очоктогу маек» долбоору максатына жеткенин билдирди.

Анын айтымында, долбоордун уюштуруучулары он чакты талапкер менен маектешкен. Айрымдары жолугушуулардан улам келе алышкан эмес.

«Жалпы жонунан биз көздөгөн максатыбызга жеттик. Сыртынан гана таанып жүргөн адамдар биз үчүн ачылыш болду. Мисалы, Мыктыбек Арстанбекти саясатчы эмес деп ойлочубуз, бирок анда да саясий тажрыйба өнүгүп келе жатыптыр. Клара Сооронкулова, Элдар Абакиров, Улукбек Кочкоров жаңы ачылыш болду. Жаш саясатчылардын тажрыйбасы артып келе жатыптыр», — дейт Нуракун уулу.

Долбоор социалдык тармактар аркылуу эфирге чыккан. Нуракун уулу анын себебин коом маалыматтарды социалдык тармактардан алууга көнүп, мурдагыдай салттуу телеканалдан программаларды көрүү азайып баратканы менен түшүндүрдү.

Журналист белгилегендей, социалдык тармактардын мүмкүнчүлүктөрү кенен. Жарандар түз эфир учурунда эле суроо узатып, жооп алууга, программаны кайталап көрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Copyright © 2017 Maral FM