Биз менен байланышыңыз

Депутаттар 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алган эмес

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 851 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алган эмес. Бул тууралуу парламенттин басма сөз  катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө депутаттар эмгек өргүүсүнө чыкканда 200 миң сомдон акча алгандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

— «Депутаттарга Эмгек кодекстин негизинде айлык тиет. Төрага 30 миң сом, вице-спикерлер 27 миң сомдон, депутаттар 25 500 сомдон айлык алат. Мыйзам боюнча эмгек өргүүсүндө төлөнчү акча айлыктан ашпашы керек. Ошондуктан 200 миң сомдон алды деген маалымат туура эмес жана чындыкка дал келбейт», — деди Ибраим Нуракун уулу.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү жана ЖК аппаратынын кызматкерлеринин маянасы банктык картага которулат.

Нуракун уулу пандемияга байланыштуу парламент чыгашаларды азайтып жаткандыгын баса белгилеп, спикердин тапшырмасы менен сатып алуулар, командировка жана оңдоо иштери токтотулгандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM