Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: №309 токтомду туура чечпесе, чоң маселе жаралганы турат

Кыска кабар | 10 Фев 2022 | 1290 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Дастан Жумабеков Өкмөттүн №309 токтомуна өзгөчө кылдат мамиле кылып, карап чыгуу керектигин белгиледи.

Анын айтымында, бул токтомдун артында чоң социалдык маселе жаралганы турат.

«Бул маселени туура жол менен чечип бериңиздер. Мисалы, өздөштүрүлбөй, суу чыкпай жаткан түз жакшы жерлер көп. Мына ошол жерлерге суу чыгарып, кооперативдерге ошол жерлерди өздөштүрүп берип, уруктарды да ошол жерлерге берсек. Мына ошондо жерди да өздөштүрөбүз жана элге да пайда алып келет», — деди Жумабеков.

Ошондой эле ал капиталдык курулуштарга бөлүнгөн каражат көбөйтүлбөй, айрым мектептердин, бала бакчалар толук бүтпөй жатканын сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM