Биз менен байланышыңыз

Талдоо: «Альянс» «атка жеңил, тайга чак» өкмөт түзөт

Блог | 22 Ноя 2021 | 835 | 0

Бул жолу шайлоо бюллетенинде 3-катарда жайгашкан «Альянс» партиясынын программасы тууралуу сөз кылабыз.

Буга чейин ар кайсы партияда жүргөн саясатчылар биригип, бул шайлоодо курама топ болуп барууну чечишкен. Президенттин кеңешчисинен баштап Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, жергиликтүү кеңештердеги мандат ээлери, ишкерлер, журналисттер, мугалимдер жана 22 жумушсуз курамга кирген. Алардын ичинде башка улуттун 6 өкүлү бар.

Баалуулугу

Партия адегенде өзүнүн баалулуктарын жар салып, демократия, жарандык тилектештик, инсандык эркиндик жана экологиялык туруктуулук, теңдик деп белгилеген. Саясий элитаны ар тараптуу абийирдүү жана жогорку билимдүү, жогорку компетенттүү жана принципиалдуу адистер менен жаңыртуу принциби бар экенин да айтыптыр.

Экономика биринчиде

Экономика тармагын партиянын программасынын сап башына койгон. Анда азык-түлүккө болгон баалардын өсүп жатканын негизги көйгөй катары санап, альянсчылар арасындагы экономиканы түшүнгөн адистерине ишенип, кымбатчылыкты токтотуп, элдин абалын жакшыртууну убада кылат.

Жергиликтүү салыктарды натыйжалуу колдонуу үчүн турукташтыруу, же болбосо кайсы жерде өнүгүү болсо, ошол жерге бюджетти көбөйтүү түшүнүгү менен иштетет. Салык төлөмдөрүн да автоматташтырат. Ресурстарды натыйжалуу колдонуп, бюджетти эки эсеге көтөрүү дымагы бар.

Андан сырткары коррупциялашкан кадрлардан арылууга, мамлекеттик казынанын кирешесин көбөйтүүгө шарт түзөбүз деп жатат. Бул арада Каржы полициясынын мурдагы башчысы, «Альянстын» 15-катардагы талапкери Эмил Жамгырчиевге Кылмыш-жаза кодексинин «пара алуу» беренеси боюнча иш козголуп, темир тор артын бир жолу көргөнгө жетишти. Жамгырчиев айыпты мойнуна албаганы менен мамлекетке 20 млн сом төлөп, үй камагына чыккан. 19-ноябрда Бишкектин райондук соту аны актады.

Бюджетти да реформалап, социалдык салыкты 27,5%дан 15%га төмөндөтүүнү көздөп жатышат. Ал эми салык салуу кирешенин эмес, чыгашанын негизинде жүрмөкчү. Бажылык тариздөөнү 90 секунд ичинде жүргүзө турган кылат. Инвесторлор калкынын саны 5 миңге чейинки конуштарга 5 жылга чейин инвестиция салса, салыктан бошотулат.

Экономикалык программанын уландысында туризм тармагы да өзүнчө белгиленген. Альянсчылар бул тармакты өнүктүрүү үчүн аэропортторду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу эл аралык корпорациялар менен бирге башкарып, сапатты жогорулатуу керек деп эсептешет. Андан кийин «Кыргызстан – Борбордук Азиядагы экологиясы эң таза өлкө» деген түшүнүктү жайылтып, айлана-чөйрөнү коргоону максат кылышууда. Чек ара зоналарына эркин экономикалык аймактарды түзүү ниетин да айтышууда.

«Атка жеңил, тайга чак» өкмөт түзүлөт. Ал кандай?

Экономикадан кийин саясатка кайталы. Альянсчылар «Атка жеңил, тайга чак өкмөт» түзгүсү келет. Манастагы Чубакка окшоштурулуп сүрөттөлгөн аткаруу бийлиги кандай болоруна кызыгып жатсаңыз керек.

Мамлекеттик органдардын функцияларына бардык тараптан анализ жүргүзүлүп, алардын аппараттары эки эсеге азаят.

Мамлекеттик кызматтарга кадрларды тандоодо көз карандысыз комиссиянын жана иштелип чыккан так критерийлердин негизинде таза жана ачык конкурс өтөт.

Бардык мамлекеттик кызматтар электрондук форматта иштеп калат.

Салыктык жана башка төлөмдөрдү чогултууда көзөмөл жүргүзүүнүн автоматташтырылган, санарип системасы жакшырат. Бул коррупцияны жана адилетсиз салык төлөмдөрүн азайтат.

Президенттин аймактардагы өкүлдөрү жана аким кызмат орду жоюлат. Ал эми президенттик институттун тагдыры эмне болот, кайсы башкаруу системасын тандоо боюнча айтылган эмес.

Билим берүү жана саламаттыкты сактоо бюджетин түзүү ыйгарым укуктары аймактарга өткөрүп берилет. Айыл чарба кооперативдерин түзүлүп, мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.

Шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрдү эл өзү шайлай турган болот

Бул убаданы убагында «Республика» партиясы да берип, ишке ашыра алган эмес. Балким бул жолу пикирлештер биргелешип ишке ашырып коюшар.

Сот жана укук коргоо органдарына болгон ишенимди кайтарабыз деп ишендиришүүдө. Буйрутма иштерди аткарып, системага көө жапкан сотторду, тергөөчүлөрдү жоопкерчиликке тартууга, люстрация жүргүзүүгө биздин эркибиз жетет деп айбат көрсөтүп жатышат. Ал үчүн  сотторду тандоо кеңешин тандоону жана көрсөтүү тартибин өзгөртүү чечим боло алат дейт.

Бул партиядагы өзгөчөлүк билим берүү тармагына басым жасап, конкреттүү программа түзгөнүндө

Директорлорду ата-энелер жана мугалимдерден турган камкорчулар кеңеши аркылуу дайындоо;

Биринчи класстан баштап англис тили жана программалоо сабактарын, тактап айтканда, ITни киргизүү;

Бардык мектептерди канализация жана ысык суу менен камсыздоо;

Кыргыз, орус жана англис тилдерин милдеттүү түрдө үйрөтө турган мектептердин санын көбөйтүү. Булардан тышкары сынчыл көз карашты калыптандырууга да басым жасалат деп жатышат.

Саламаттыкты сактоо тармагын ресурстарды туура башкаруу аркылуу өнүктүрөбүз деп максат коюшкан

Медицина тармагына акыркы жана заманбап технологияларды тартуу максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде, тактап айтканда, ГЧП аркылуу эл аралык институттардын катышуусу менен ооруканалардын үчтөн бирин жеке инвесторлорго өткөрүп беришет экен.

Бардык дарыканаларды, фармацевтикалык компанияларды, дарыгерлерди жана бейтаптарды көрсөтө турган бирдиктүү санарип платформасын киргизүү да каралган. Электрондук рецепттерди да киргизүү максаты бар.

Программанын аягында жогоруда сөз болгондор атайын экспертизалык текшерүүдөн өтүп, ишке аша турган реалдуу максаттар экенин эскерткен. Эми аны убакыт көрсөтөт.

1. Талдоо: «Ата Мекендин» курамы жаңы, программасы былтыркы

2. Талдоо: «Бүтүн Кыргызстан» парламентти бир мандаттуу округдардан түзгүсү келет

3. Талдоо: «Альянс» «атка жеңил, тайга чак» өкмөт түзөт

4. Талдоо: Бардык көйгөйдүн чечилишин кара куурайга байланыштырган «Легалайз»

Copyright © 2017 Maral FM