Биз менен байланышыңыз

ОшМУнун ректорун ордунан «оодарган» шайлоо

Саясат | 10 Ноя 2021 | 2490 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-ноябрда шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо үчүн кабыл алынып жаткан чаралар туурасында билдирүү жасап, үгүт иштерине аралашкан бир катар жетекчилер кызматтан алынып, сөгүш жарыяланганын маалымдады. Тактап айтканда, Ош шаарындагы студенттер талапкерлердин үгүт жыйынына катышканы үчүн билим берүү министри Болотбек Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланып, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынды. Ректордун кызматтан алынышы коомчулукка кыйла дүрбөөн салып, кызуу талкуу жаратты. 

Бир жума мурун эркин журналист Ыдырыс Исаков Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн «Азаттык» саясий партиясынын жолугушуусуна ОшМУнун жана ОшТУнун мугалимдери сабак учурунда студенттерин лекцияга катыштырбай алып келгенин айтып, «Студенттерди ар ким өз үгүтүнө пайдаланса боло береби?» деген суроо салган. Журналист берген суроого айрым студенттер сабак учурунда мугалимдери «Азаттык» партиясынын жолугушуусуна алып келгенин айтышкан.

Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов БШКнын чечими менен сунуш берилгенин айтып, чара көрүүнү Өкмөт өзү чече турганын билдирди. Ошондой эле ал Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго эмне үчүн сөгүш жарыяланып жатканына таң калганын жашырбады.

«БШКнын чечими менен сунуш катары бергенбиз. Негизи көзөмөл да болушу керек болчу. Деканды, мугалимдерди айтып жатышат. Алар студенттерди экскурсияга деп алдап, андан ары борбордук аянтка алып барып, үгүт иштерине катыштырып жатат. Административдик ресурсту колдонуп жатканы үчүн кандайдыр бир деңгээлде реакция болушу керек болчу. Ошондуктан чара көрүү боюнча чечим чыгаруу — өкмөттүн өзүнүн укугу. Мен негизи Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго эмне үчүн сөгүш жарыяланып жатканын түшүнгөн жокмун». 

Ал ортодо Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Аккулу Бердиев Ош мамлекеттик университетинин ректорун кызматтан алууга каршы пикирин айтты.

«Ректорду саясатка аралаштырып иштен алып салды. Ал — жакшы кадр. 10 студент партиянын жыйынына катышты деп кызматтан алган туура эмес. Бул маселени калыс карап, ордуна коюу керек».

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев бир канча мугалимдин айынан ректордун кызматтан алынуусу туура эмес чечим болду деп эсептейт. 

«Ош мамлекеттик университетинин ректорун таза, прогрессивдүү, өзүнүн ишин мыкты билген кадр катары билет болчумун. Анын бир факультеттин жетекчисинин, кол алдындагылардын эсебинен кызматтан алынып калганын туура эмес деп эсептейм. Анткени ал өзү түз андай тапшырма берген эмес. Тапшырма бергендерди, үгүт иштерине жибергендерди жазалап, ректорго эскертүү бергенде жакшы болмок эле. Иликтеп чыкса жакшыраак болмок, ал адамдан эч кандай тапшырма болбосо, баргыла деп айтпаса, күнөөсү болбогондон кийин иштен албоо керек болчу.»

Ректор ишинен убактылуу гана четтетилгенин, Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзүп, ишти карап жатканын окуу жайдын мугалимдери «Фейсбук» аркылуу жарыя кылышты.

Бул маалыматты тактоо үчүн Ош мамлекеттик университетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Медербек Ниязалиевге кайрылганыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди:

«Бир айга деп мөөнөтү белгиленген жок, болгону убактылуу гана иштен четтетилди. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн атайын комиссия ишти кайра кароого алды. Комиссия ишти кайра карап чыгып, андан кийин гана чечим чыгарат».

Кечке жуук Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратынын алдында аталган окуу жайдын эмгек жамааты тынчтык митингине чыгышкандыгын жергиликтүү басылмалар жазышты. Алар Кудайберди Кожобековду кызмат ордунда калтырууну суранышкан.

Бирок, кайрадан Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрук менен бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Кызматтан алуунун себеби катары президент Садыр Жапаров ушул жылдын 1-ноябрында кол койгон №512 «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткарбаганы көрсөтүлгөн.

Буйрук Борбордук шайлоо комиссиясы 6-ноябрда берген № 1125 чечим-сунушунун негизинде чыккан.

Эске салсак, Кудайберди Кожобеков ОшМУнун ректору кызматына 2019-жылдын 11-ноябрында шайланган. Ошол эле жылдын 13-сентябрынан 28-октябрына чейин ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу кызматын ээлеп келген. Ага чейин Билим берүү жана илим министринин орун басары болгон.

Copyright © 2017 Maral FM