Биз менен байланышыңыз

(PR) Алтынбек Сулайманов: Бир мектеп куруу жүз түрмөнү жапканга барабар

Блог | 26 Ноя 2021 | 690 | 0

Ата-эне бала менен дос болушу керек. Мындай пикирин «Альянс» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алтынбек Сулайманов Ноокат районунун эли менен болгон жолугушууда билдирди.

Чогулган шайлоочулар бир топ социалдык көйгөйлөрдү ортого салып, билим берүү тармагын жакшыртуу маселесин көтөрүштү. Учурда өлкөнүн билим берүү программасы жаңыланууга муктаж экенин айткан Сулайманов тармактагы азыркы абалды эскирген унаага салыштырды.

«Учурда заман башка. Мугалимдер бизди башкача ыкма менен окуткан. Азыр балдарга ата-эне да, мугалим да кол көтөрө албайт. Андай жол менен тарбиялоонун жана билим берүүнүн өзү туура эмес. Ата-эне болобу, мугалим болобу, балдар менен сүйлөшүп, дос болуусу керек. Өлкөнүн билим берүү системасы чоң реформага муктаж. Бир мектеп куруу жүз түрмөнү жапканга барабар. Жаңылануу жүргүзүү үчүн бийликке, жетектөөчү кызматтарга чет мамлекеттен билим алып, тажрыйба топтогон жаштар келиши керек», — деди ал.

АЛЬЯНС — 3 — БИР КҮЧ!
Алтынбек Сулайманов – 5

Аткаруучу: «Марал ТВ» ТРБК» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек ш., Фрунзе көч. 387

«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 26-ноябрь, 2021-жыл.

Copyright © 2017 Maral FM