Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Депутаттар жыйында жалпы эле Кыргызстандагы мамлекеттин карамагында турган мүлктөр, алардын эсебин тактоо, жеке менчикке өткөрүү боюнча орун алып келген жагдайларды ортого салышты. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
«Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» мыйзам долбоорунда мамлекеттик ишканалардын түзүмүн өзгөртүү жана аларды жеке менчикке чыгаруу жолу менен мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжасын жогорулатуу милдеттери коюлган.
Министрлер кабинетинин алдында мамлекеттик ишканаларды, анын ичинде атаандаштыктын курчоосунда иштеп жаткан коммерциялык багыттагы ири компанияларды, акциялардын мамлекеттик топтомун жана үлүшүн жеке менчикке берүү маселеси каралууда. Анда белгилүү болгондой, түз мамлекеттик функцияларды аткарган жана калкка социалдык кызмат көрсөткөн мүлктөр жеке менчикке өтпөйт.
Талкуу маалында айрым депутаттар мыйзам долбооруна каршы экендиктерин билдиришип, мамлекеттик мүлкү менчиктештирүүгө болбой турганын жүйө келтиришти. Ошондой эле менчиктештирүү саясатына Улуттук банктын катышуусуна жол бербөө керектигин белгилешти.
Алардын айтымында, аталган мыйзам долбоорунун негизинде Мамлекеттик мүлк фонду сата албаган мүлктөрүн Улуттук банкка өткөрүү жолу менен акча чыгарып кетүүгө шарт түзүлөт. Мыйзамда мамлекеттик мүлктү сатып алуучу болуп, Улуттук банк чыгышы мүмкүн экени көрсөтүлгөн.
Депутат Абдывахап Нурбаев Улуттук банктын негизи функциясы таптакыр башка экенин айтып, аталган мыйзам кабыл алынса, Улуттук банкка мүлктөрдү мажбурлап сатуу толук ишке ашышы мүмкүн экендигин белгиледи.
«Улуттук банк каршы болсо, силер эмне үчүн бул мыйзамды киргизип жатасыздар? Улуттук банк — өкмөттөн көз карандысыз орган. Эмне аларды өзүңөргө баш ийдирип алайын деп жатасыңарбы? Биздеги эң негизги мактана турган нерсе сомдун туруктуу сакталып турганы болуп жатпайбы. Ушул жакка да кол сунуп жатканыңар туура эмес. Бул мыйзам менен Улуттук банкты бизнес кылдырууну көздөп жатасыңарбы? Мыйзамды кабыл алдыргандан кийин «ал» деп бересиңер да. Кайсы акчага алат, алтын запасына алышабы? Ага силер тийбегиле, бул таптакыр туура эмес. Урматтуу депутаттар, мен баарыңыздарды каршы добуш берүүгө чакырам».
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров Улуттук банкка сунуш гана бериле турганын белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты:
«Бул мыйзам Министлер кабинети менен макулдашылып чыгарылган. Ошол кезде Улуттук банк тарабынан эч кандай каршы пикир болгон эмес. Акыркы жолу комитетте каралып бүткөндөн кийин Улуттук банк өзүнүн жазуу түрүндө сунушун жөнөткөн. «Бир канча тобокелчиликтерин алып коюңуздар» деген сунуш берген. Ал сунуштар комитеттин кароосунда эске алынды, чечимге кирди. Улуттук банктын ыйгарым укугу кеңейтилип жатат. Анын ыйгарым укугуна жараша кыймыл-аракетин кылат. Кааласа сатып алуучу болуп чыгат, кааласа чыкпайт».
Буга чейин депутаттар Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкага кетүүсүн бир канча мыйзам долбоору менен байланыштырган. Алардын ичинде «Мегакомду» сатып алдыруу божомолу да айтылган.
Бүгүнкү жыйында Улуттук банктын жаңы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев «Мегакомду» сатып алууга каршы экенин маалымдады.
«Эгерде «Мегакомду» сатып ала турган болсок, анда Улуттук банктын максаты бузулат. Мен «Мегакомду» сатып алууга каршымын, бирок аталган мыйзам долбооруна каршы эмесмин».
Депутаттар ошондой эле мүлктөр жеке менчикте турганда жакшы иштеп, мамлекетке алынганда эле кирешесиз болуп кетерин сынга алышып, жетекчилерин тандоодо кесипкөйлүгүнө көңүл буруу керектигин белгилешти.
Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.