Биз менен байланышыңыз

Талдоо: «Ата Мекендин» курамы жаңы, программасы былтыркы

Блог | 17 Ноя 2021 | 1226 | 0

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары шайланат. Учурда 21 партия 54 мандат үчүн ат салышууда. Алардын программасын талдап, ар бир партияныкын өз-өзүнчө жарыялап турууну чечтик. Талдоо бюллетендеги катар сандын негизинде жүргүзүлөт. 

«Ата Мекен-Эгемен» коалициясына «Реформа», «Туран» партиялары да кошулган. «Ак калпак» партиясынын лидери Улукбек Маматаев да тизмеге кирген.

Партияда көпчүлүк тааныгандардан Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова, Тилек Токтогазиев, Наталья Никитенко жана Али Токтакунов сыяктуулар бар. 54 талапкердин 15и жумушсуз, төртөө мугалим, алтоо башка улуттун өкүлү.

2020-жылы өтүп, кайра жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо 6 партия биригип, «Ата Мекен – Жаңы дем» кыймылы болуп чыгышкан. Анда 11 багыттан турган программасын жарыялаган. Быйылкы шайлоодо «Ата Мекенге» кошулган саясий топтордун, талапкерлердин дээрлик 70%ы алмашканына карабай, партиянын программасы былтыркы бойдон калган.

  

Жоопкерчилик бирөөнө берилет, бирок президентке эмес

«Ата Мекен» адегенде эле Кыргызстандагы системаны өзгөрткүсү келет.

«Электрондук өкмөт» долбоорун толук ишке ашырып, чиновниктерди үч жыл аралыгында 30%га кыскартууну убада кылат. Андан калган мамлекеттик кызматкерлерди KPI-технологиясы менен кызмат кылдырып, натыйжаны жогорулатууну көздөйт. Премьер-министрге жеке жоопкерчилик берип, негизги бийликти өкмөткө ыйгарууну максат кылат. Ал эми азыркы Конституция менен баарына жооп бере турган президентти өкмөттүн, соттун ишине аралашпаган калыс арбитрге айлантууну каалашат. Программада жазылбаганы менен талдай келгенде, «Ата Мекен» парламенттик башкарууну жактайт.

Билим берүүнү артыкчылыктуу багыт кылат

«Электрондук мугалим» долбоорун ишке ашырып, окуучуларды, мугалимдерди компьютер, бекер интернет менен камсыздоо боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгат.

Андан тышкары билим берүүдөгү приоритеттүү багыттарды субсидиялоо аркылуу колдогусу келет.

«Ата Мекен» улуттун саламаттыгына да кам көрүүнү каалайт. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттин саламаттыкты сактоо тармагы үчүн үлүшүн ИДПнын 8%ына чейин көтөрүүнү максат кылат. 2020-жылдагы маалыматка карата азыркы көрсөткүч 2,7%ды түзөт.  

Медициналык билим берүү системасына жеке инвестицияларды тартып, бул тармактагы окуу жайларга бекитилип берилген клиникалардын болушун талап кылат.

Ал эми ак халатчандар үчүн социалдык турак жай куруу боюнча да программа иштеп чыгабыз деп убада берүүдө. 2020-жылдагы программада алардын айлыгын Жогорку Кеңеш жана президенттик аппараттын кызматкерлеринен кем кылбоону да убада кылышкан. Бул жылы ал оюнан кайткан өңдөнөт.

Андан тышкары фармацевтикалык мафиянын тамырын кыркуу планын да билдиришти.

Адам укугун жана сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды артка кайтарып, күч түзүмдөрүнө жарандык көзөмөл системасын киргизгиси келет. Андан тышкары эркиндигинен ажыратылып, камакта отургандарга жакшы шарт түзүп, медициналык тейлөөнү да оңдоону программасына киргизген. «Эгер бул максат ишке ашып калса, жүрөгү ооруган саясатчыларды камактан «Бикардга» ташымай токтойт окшойт» деген да ой келет.

Экономика тармагы

«Сарамжал жана өндүрүмдүү экономикага өтүү, өнөр-жай секторун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу» деген убадалары бар. Андан тышкары өнөр-жай объектилерин субсидиялоо үчүн өнүктүрүү банкын түзүүгө да максат коюшкан.

Андан тышкары санариптик экономиканы өнүктүрүү үчүн интернет менен камсыз кылат. Кийин Жогорку технологиялар паркынын резиденттери үчүн ишмердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү да каралган.

Андан сырткары Кыргызстанга дата-борборлорду куруу үчүн Google сыяктуу санарип алптарын тартуу деген амбициялуу максаттарын да белгилеп коюу керек.

Бул ирет криптовалютаны легалдаштыруу программага кирбей калыптыр. Кыязы, алмашкан курам бул темадан оолак болууну чечкен окшойт. 

Азыр дүйнө көңүл буруп жаткан жашыл экономиканы ата мекенчилер унутта калтырбаптыр. Алар Күн, шамал, суу, биоэнергияны өнүктүрүп, экологияны сактагысы келет. Айыл чарбаларын экологиялык таза азык-түлүк өндүрүүгө шыктандырууну да колго алабыз деп турат.

Бишкекте жана Ошто таштандыны иргеп чогултуу да программага кириптир. Ошондуктан мэриялардын, жергиликтүү кеңештин иши болгонуна карабай, бул парламенттен чечилип калышы мүмкүн.

Андан тышкары КМШдагы ири долбоорлордун бири болгон «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууну да тез арада баштайбыз деп жазган. Бул бир гана Кыргызстанга же кыргыз бийлигине көз каранды маселе эмес. Айрым серепчилер темир жолдун салынышына орус, казак бийлиги каршы болуп жатканын айтып келет. Долбоор геосаясат менен да байланышканы үчүн тез арада чечүү оор. Бирок муну көз жаздымда калтырбай, маанилүү экенин билип, чечилишине ынтызарлыгын баса белгилөө керек.

Андан сырткары программага «Ачык асман» долбоорун толук ишке ашыруу да камтылган. Бул ишке аша турган болсо, Кыргызстан аба мейкиндигинде хабга айланып, бюджет үчүн кирешелер эселеп көбөйүшү толук мүмкүн.

Чек ара маселесин чечет

Программада «Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселелерин чечүү» деп турат. Конституцияда «Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечет» деп жазылганы чын. Бирок сүйлөшүүлөр президенттердин деңгээлинде жүрөт. Ал эми кийинки процесстерди чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы, башкача айтканда, Камчыбек Ташиев жүргүзүп жатат. Комиссия аягында долбоорду Жогорку Кеңешке алып келип, депутаттар аны ратификациядан өткөрөт. Бирок партия шайлоодон жеңип келсе эле чек араларды тактай алат деп айтууга болбойт.

Бирок депутаттар парламентте чек ара маселесин улам көтөрүп, коомдук талкуу жаратып, өкмөткө сунуш берип, процесстин тездешине жардам бере алышат.

Партия мындан сырткары кооптуу чек ара аймактарында жашаган тургундарга кенемте төлөөнү да убада кылып жатат.

Турак жай, инфраструктура…

Турак жай саясатын да жүргүзүп, мамлекеттик программа менен жеке жана көп кабаттуу үйлөрдү курууну максат кылат. Бишкек жана Ош шаарларын заманбап суу тазалоочу жана канализациялык станциялар менен камсыздоону да көздөйт.

Кыргызстандыктардын турак жай менен камсыз болуу көрсөткүчүн жогорулатуу максаты да бар. Ал үчүн 1 адамга 18 чарчы метр турак жай туура келиши керек.

Республиканын шаарларын байланыштыруучу тез магистралдарды курууну да жазышкан.

Коррупция менен күрөш аягында

Коррупция менен күрөшүү партиянын программасынын эң аягына жазылган. Анда «чоңдордун» ири чыгашасы менен кирешесинин дал келип-келбесин текшерүүнү күчтөндүрөт. Пара алгандарга, кызматынан кыянаттык менен пайдалангандарга жазаны күчөтүп, мүлкүн мамлекетке милдеттүү түрдө чегере турган кылат.

Коррупция менен күрөшүү кызматын УКМКдан бөлүп, өзүнчө мекеме кылууга убада беришүүдө.

1. Талдоо: «Ата Мекендин» курамы жаңы, программасы былтыркы

2. Талдоо: «Бүтүн Кыргызстан» парламентти бир мандаттуу округдардан түзгүсү келет

3. Талдоо: «Альянс» «атка жеңил, тайга чак» өкмөт түзөт

4. Талдоо: Бардык көйгөйдүн чечилишин кара куурайга байланыштырган «Легалайз»

Copyright © 2017 Maral FM