Биз менен байланышыңыз

Мигранттын акчасын эле эмес, добушун да эсепке алалы

Кыска кабар , Саясат | 26 Авг 2020 | 435 | 0

Чет жакта жүргөн кыргыз жарандарынын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып жүрөт. Такталбаган маалыматтар боюнча, алардын 600 миңден ашыгы шайлоого катыша алат. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы алдын ала берген тактоо боюнча мекенден алыс жүргөн жарандардын 13 321и гана шайлоого укуктуу. Бул маселе дагы деле тартыш жагдайларды жаратат.

Кыргызстандагы акыркы парламенттик, президенттик шайлоолордо чет өлкөдө жүргөн мигранттардын укугу тебеленип келатканы коомчулукта тынбай талкууга алынып келет. Алардын көбү элчиликтин, же Борбордук шайлоо комиссиясынын чабалдыгынан улам шайлоочунун тизмесине илинбей калары айтылат. Мисалы өткөн президенттик шайлоодо 18 миң адам каттоодон өтүп, шайлоого катышууга укук алса, анын беш миңи гана добушун берген.

Мурдагы шайлоолордо Москва шаарында 6 эле шайлоо участогу болсо, азыр ал жактагы шайлоочулардын активдүү катышуусу үчүн дагы 5 участок кошулуп, жалпы 11 шайлоо тилкеси болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчи орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоолорго катышууда мигранттардын активдүүлүгү төмөн экенин айтты. Алардын шайлоого жигердүү, өзүнө ыңгайлуу жерден катышуусу үчүн дагы участоктор кошулду.

 Алыс барбайлы, кечээги эле президенттик шайлоону алсак, 18 миң жаран чет өлкөдөн шайлоочулардын тизмесине кирген. Бирок, алардын 20 пайызы, башкача айтканда, 5 миңи гана шайлоого катышып, өз добушун беришкен, — деп билдирди Бекматов.

Абдыжапар Бекматов келерки шайлоого катыша турган чет өлкөдөгү мигранттар 20-сентябрга чейин тиешелүү шайлоо участкаларына катталуусу керектигин кошумчалады. Жарандар шайлоого 15 күн калганга чейин өзүнүн дарегин өзгөртүп,  «Форма-2» тапшыра алат.

"Күн чабыт" программасыПарламенттик шайлоого даярдыкБорбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Воскресенье, 23 августа 2020 г.

Бирок Орусиядагы мекендештердин укугун коргогон «Менин укугум бар» коомдук уюмунун мүчөсү Орозайым Нарматова мигранттар айрыкча шайлоолордо өтө активдүү, бирок элчиликтин жана БШКнын иши өтө чабал болгондуктан шайлоого кире албай калышат  деген пикирин билдирди. 

Нарматованын айтымында, президенттик шайлоодо дүйнө боюнча 18 миң кыргыз жараны каттоодон өткөн. Ал өзү Москвада тургандыктан, ошол жерде эмгек кылып жүргөн мигранттардын гана санын билет.

Бизде, Москвада, 6 миң мигрант расмий каттоодон өтүп, шайлоого укук алса, анын 2 миңи гана шайлоого кирип, калганы ар кандай тоскоолдуктардан улам кире албай калышкан. 2017-жылы өткөн шайлоодо биздин элчилик чабал иштеген, алар мигранттарга керектүү шарттарды түзүп бербегендиктен көпчүлүк мекендештер шайлоого кире албай көчөдө күтүп эле калып кеткен. Муну интернет булактарынан деле издеп тапса болот, — дейт Нарматова «Маралга» берген маегинде.

Ошондуктан, «мигранттар өлкө келечеги үчүн кайдыгер» деген айрым мекендештердин пикирин таптакыр туура эмес деп эсептейт. Анткени, активисттин ою боюнча алар татыктуу, эл үчүн күйгөн жетекчилер келишин Кыргызстанда жүргөн мекендештерге караганда көбүрөөк каалашат.

— Биздин Москвадагы мекендештер мындай шайлоолорго таптакыр көңүл кош карабайт. Анткени, биз мекенде жүргөн жарандарга караганда өлкөнүн өнүгүшүн көбүрөөк каалайбыз. Болгон кемчилик − элчиликте. Шайлоочуларды каттаганга бир киши эмес, көп эле кызматкерлерди дайындап койсо болот да. Ал болбосо биз деле айтып жатабыз, каттаганга өз ыктыярыбыз менен жардам берели деп. Элчилик деле, БШК деле каалабай жатат окшойт, ага макул болбоду, -деп кошумчалады Орозайым Нарматова.

Ал кошумчалаган кебинде, жыл башында Боршайкомдун төрайымы Москва шаарында мигранттар менен жолугушуу уюштуруп, анда аларга шайлоодо бир топ жеңилдиктер караларын айткан. Анын бири катары сайтта атайын иштелип чыккан «шайлоочунун кабинети» бөлүмүндө онлайн тизмеге кирип, каттоого турса болору айтылган. Бирок иш жүзүндө бир да мигрант ал каттоодон өтө алган эмес. Себеби, катталууну каалаган мигрант паспортунун паролун киргизиши керек болот, ал эми паролду бир гана Мамкаттоодон атайын «cardreader» делген аппарат көрсөтүп берет. Нарматова муну катардагы эле көз боемочулук катары баалап, мигранттар мындайга көнүп калганына кейийт.

Бул пикирди «Жаңылан» коомдук фондунун негиздөөчүсү Кубанычбек Алибеков да бышыктады. Ал бул кадамдар болгону Боршайкомдун актануусуна оңой болушу үчүн гана жасалып жатат деп эсептейт.

Биз ошол сайтка кирип, катталалы десек «код паспорта» деп сурады. Аны кайдан алабыз десек, бир гана Мамлекеттик каттоо кызматынан алсак болот экен. Аларда паспортту окуй турган аппарат бар дейт. Бирок ал аппарат элчиликте дагы, башка жакта дагы жок. Бизге Шайлдабекова айткан, силерге бир топ жеңилдиктерди түзүп беребиз деп, бирок бул платформасы андан да кыйындаштырып жиберип жатат, — дейт Алибеков.

Ал эми Боршайкомдун маалымат бөлүмү чет өлкөдө жүргөн мекендештердин шайлоого катышуусун активдештирүү максатында атайын колл-борбор ачкан. Анда Казакстан жана Орусия өлкөлөрүндө жүргөн жарандар акысыз чалып, шайлоого тиешелүү маалыматтарды ала алышат.

Мекеменин маалыматтык кызматы билдиргендей, колл-борбор Боршайкомдун төрайымы  чет өлкөдө жүргөн мекендештерди кызыктырган ар кандай суроолорго жооп берүү, аларга шайлоо процессинин жүрүшүн жана ага катышуу эрежелерин түшүндүрүү үчүн түзүлгөн.

 — Жарандарыбыздын чет өлкөлөрдөгү добуш берүү процессине катышуусун активдештирүү биз үчүн абдан маанилүү. Аларды маалымат менен камсыз кылуу –  добуш берүүгө катышуусун жогорулатуу үчүн зарыл болгон шарттардын бири болуп эсептелет, — дейт төрайым.

Бирок Кубанычбек Алибеков Шайлдабекованын мындай билдирүүлөрүнө канааттанбай, мигранттарды жөн гана алаксытып жатканын айтат. 

Алибековдун пикиринде, миллионго чукул мигранттын ичинен 20 миңи гана каттоодон өтө алганы бийликтин атайын жасаган кадамдары. Анткени, мигранттардын эч бири бийликти колдоп, аларга добушун бербейт. Ошондон корунуп, аларга шайлоо укугун бербестен, ар кандай шылтоолорду айта берет.

Биз муну түшүнүп деле калдык. Бул бийликтин эле атайын кадамдары, биздин арабыздан эч бир жаран талапкерлердин 2000 сомуна муктаж эмес. Мигранттар деле өз өлкөсүндө иштегиси келип, татыктуу президент, татыктуу депутаттарды шайлайт. 500 миң мекендеш чет өлкөдөн шайласа, алардын бири дагы бийликтин же акчалуунун партиясына добушун салбайт. Муну бардыгы эле билет. Мигранттар салса, «Бүтүн Кыргызстанга», «Ата Мекенге» же «Мекенчил» партиясына салат. Ошондон коркуп, мигранттарга атайын тоскоолдук кылып, укуктарын тебелеп жатышат, — дейт активист мигрант.

Алибеков Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кирип, бул маселени көтөргөн. Анда  ардактуу консулдун кеңешчиси Эдуард Насиров шайлоо маселесинен мурда чартердик каттамдарга көңүл бурулуп жатканын айтып, консулдук каттоого турууну каалагандар үчүн дем алыш күнү да иштөөгө даяр экенин билдирген.

 Эдуард Кашкаевич айтып жатат, «макул, ишемби күнү да иштеп, шайлоочуларды тизмеге киргизели» деп. Бирок анда деле 30 кишиден 50 кишиге чейин гана каттап үлгүрөт экен. Ошондо каттоонун мөөнөтү бүткүчө 4 ишемби болот, элчилик 50 кишиден каттаганда деле жалпы 200 киши катталабы? Бул суроону Кашкаевичке да берсем, «ну, получается так» дейт. Бул — ачыктан-ачык эле мигранттарга бут тосуу. Анткени, элчиликке кезек көп, а биздин ал жерде 500-орунга кезек күтүп турганга убактыбыз жок. Ал жерде күтүп тургандардын бардыгы Кыргызстанга кетип жаткан мекендештер, алардын иши токтоп, же башка себептер менен кетип аткандыктан күтүүгө аргасыз, — деп билдирди Алибеков.

Саясат талдоочу Ишенбай Кадырбеков мигранттар дагы өзүнүн укугун талап кылып, аны колдонуу керектигин айтты.

 Биздин мекендештер «Форма-2» менен деле катталса болот. Ал дегени, мен мисалы Нарында каттоого алынсам, шайлоо күнү Бишкекте болуп калсам, шайлоого 15 күн калгыча «Форма-2» толтуруп берип койсом болот. Ошону бардык мигранттар билсе жакшы, алар да кайсы жерде болсо, ошол жерге «Форма-2» толтуруп берет. Эми муну мекендештерге жеткирүү жана түшүндүрүү үчүн элчилик менен БШК жакшы иштеши керек. Ушуну мекендештер угуп, окуп калса айтар элем, зерикпей, кош көңүл болбой, барып каттоодон өтүп же «Форма 2ге» арыз жазып койгула, — деди саясат талдоочу.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бардык талаптар так аткарылып жатканын айтат. Элчиликтин юристи Мырзапаяз Карагулов биометрикалык каттоодон өтүп, консулдук учетко туруу үчүн паспорт жана сүрөт менен келиши керек экендигин айтты.

Консулдук каттоого туруу үчүн паспорт жана сүрөтү менен элчиликке келиши керек. Биз аны бир күндүн ичинде акысыз каттоого алабыз. Ошондой эле, 4992385069@mail.ru электрондук дареги аркылуу дистанттык түрдө арыздарды кабылдайбыз, — деди Карагулов.

Бейрасмий маалыматтарга ылайык, чет жерде иштеп жүргөн меендештердин саны миллиондон ашуун. Алардын көпчүлүгү шайлоого катышуу укугун алалышпайт. Бул маселе акыркы шайлоолордон бери көтөрүлүп, бирок майнап чыга элек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышууга Боршайкомдун каттоосунан 16 партия өттү. Партиялардын бир айлык үгүт иштерин баштоосуна 4-сентябрда старт берилет.

 

Copyright © 2017 Maral FM