Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: Оппозициялык блок түзөбүз

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган эсеби боюнча, «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өткөн.

Ал эми оппозициялык маанайдагы «Ата Мекен» партиясы автоматтык электрондук урналардын берген маалыматы боюнча, шайлоочулардын 4% добушун алган.

Партиянын талапкерлери Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев жана Тилек Токтогазиев журналисттердин суроолоруна жооп берип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышты.

Талапкерлердин айтымында, бул жолку шайлоо тарыхта болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен коштолуп, административдик ресурстар мурдагыга караганда жапырт колдонулуп, добуш сатып алуу массалык түрдө жүрдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтат:

— Муну шайлоо деп айтканга ооз барбайт, жайлоо болду. Тарыхтагы эң ыплас шайлоо болду бир участокктон 1635 шайлоочунун 1600ү бир партияга салганын көргөн эмесмин. 2007-жылы дагы мындай шайлоо болгон эмес, андагы шайлоо бүгүнкүгө караганда мыйзамдуу, таза болгон, — деди Момбеков.

Анын пикирин колдоп, партиялашы Жанар Акаев да шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып, бирок партия күрөшүн улантарын билдирди.

Бул шайлоону күмөндүү өткөн шайлоо деп айтам. Ошол эле убакта «Ата Мекен» партиясы күрөшүн улантат. Азыр чоң бир оппозициялык блок түзгөнгө даярданып жатабыз. Анткени, мындай ыплас шайлоону биз тарыхта көргөн эмеспиз, — дейт депутат.

Акаев ошону менен бирге «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларын кландашкан, коррупциялык схемалардын авторлору бириккен партиялар катары сыпаттады.

Кыргызстанда бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган жыйынтыгына караганда, бийликчил аталган 3 партия эң жогорку добуш менен алдыңкы орундарды алган.

 

2 пикир

2 пикир

  1. Дамира

    04.10.2020 22:43

    Кыргызстан онугот осот деген умут менен Москвадагы биз мигранттар копчулук пайыз ,Чон казатты колдогонбуз айлдагы туугандар жалпы элдин жары ы колдосо да отуп кетет деген ишеничибиз чон ,себеби бул партия созсуз Эл учун ищтей турган жаш патриот жигиттер ,ищенебиз чон Казатка бар бол чон Казат

  2. Токур

    04.10.2020 23:50

    Бирикпесенер кочодо каласынар деп бир нече жолу жаздым, отсонор дагы аз болуп жетим баладай болуп унунор жетпей калбасын деп жазганмын. Силер элди ойлогон жоксунар. Акча тататтынар

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM