Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Президент Акылбек Жапаровду көзөмөлдөшү үчүн андан эки эсе тез ойлонушу керек

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 4375 | 0

Жалгыз президент Акылбек Жапаровду көзөмөлдөй албайт. Ал үчүн Садыр Жапаров Акылбек Жапаровго караганда эки эсе тез ойлонушу керек. Себеби ал аябай бат ойлонот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Азаттык радиосунун «Эксперттер талдайт» берүүсүндө айтты.

Анын айтымында, коомдук пикир, массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги жана парламентте көрөгөч, тайманбаган оппозиция керек.

«Президент Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду көзөмөлдөшү үчүн ага караганда эки эсе алысты көрө билиши керек, ага караганда эки эсе билимдүү болушу керек. Ошондо гана аны көзөмөлдөсө болот. Жалгыз президент аны көзөмөлдөй албайт» , — деди Текебаев.

Ошондой эле ал бийликтегилердин түбүнө кошоматчылар жеткендигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM