Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Телефондо апам менен түшкөн акыркы сүрөттөр бар эле (видео)

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 4378 | 0

Бишкекте «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге белгисиз бирөөлөр кол салышкан. Ошол учурда анын чөнтөк телефону да уурдалган.

Өмүрбек Текебаев аларга кайрылып, телефонун алып келип таштап кетүүгө чакырды.

«Ай жигиттер, менин телефонумду «Парк Отелге» таштап кеткиле! Ал жерде үй-бүлөлүк сүрөттөр, апам менен түшкөн акыркы сүрөттөр, мен сактап жүргөн видеолор бар эле. Ал телефондун силерге эч кереги жок, алып келсеңер, силерден өзүм кайра сатып алам. Унчукпай алып келип, «Парк Отелдин» коопсуздук кызматына таштап кеткиле. Бандит болсоң да «по понятиям» болгула. Телефонду алып келип таштап кеткиле!», — деп кайрылган Текебаев.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге белгисиз бирөөлөр кол салышкан. Социалдык тармактын колдонуучусу Динар Турдугулованын айтымында, «Парк Отелдин» жанында эс алып отурган Текебаевге 3 бус менен келген жүздөй адам кол салып, көз айнегин сындырышып, телефонун алып кетишкен.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Copyright © 2017 Maral FM