Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Текебаевге кол салгандар жөнөкөй эле балдар болуп чыкты

Кыска кабар | 3 Дек 2021 | 5550 | 0

Президент Садыр Жапаров саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салган окуя боюнча журналист Асланбек Сартбаевге маек берди.

Президенттин айтымында, Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыккан.

«БШКдагы ызы-чуу басылбай жатса, дагы бир көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле? Андан сырткары бүткүл дүйнөлүк коомчулук ушул убакта биздин ар бир кыймыл-аракетибизге байкоо салып турат. Анан ушундай иш жасап жапайычылыкка баруу үчүн эси жок адам болушуң керек. Кудай сактасын, ар бир ишти жети өлчөп, бир кескен адамдарданбыз. Андай кадамдарга барбайбыз. Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыкты. Көп өтпөй муштаган бала кармалды. Камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды. «Жөн гана Текебаевге жинибиз келип, «сен тажаттың» деп митингден кубалаганы келген элек» деп көрсөтмө берип жатышат», — деп айткан президент.

Президент окуянын башында «Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?» деген ой келгенин жашырган эмес. Текебаев болсо кол салууну саясий террор деп атады.

«Бирок эки жактын тең тиешеси жок, жөн гана жек көрүүдөн улам «митингден кубалайбыз» деп келишкен тентектер болуп чыкты. Мындай жек көрүүлөр адамдар арасында бир эле Текебаевге эмес, баарыбызга бар. Ар кимибиздики ар башка санда», — деген Жапаров.

Садыр Жапаров мындан сырткары Кыргызстан демократиялык өлкө экенин, эч кимдин бирөөнү митингден кубалаганга акысы жоктугун белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM