Connect with us

Садыр Жапаров Бишкектеги мектепте мугалимге жасалган орой мамилени сындады

Кыска кабар | 20 Ноя 2024 | 237 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда педагогикалык кызматкерлерге “Жылдын мыкты мугалими“, жана “Мыкты тарбиячысы” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу иш-чарасында окуучунун апасы мугалимге орой мамиле кылган окуя тууралуу пикирин билдирди.

Ал окуучунун апасы мектеп мугалимин “баламды урушасың” деп тилдегенине капа болгонун, 45 мүнөттүк сабак учурун ата-эне түгүл, ошол мектептин директору эле эмес, керек болсо министр да барып токтотууга укугу жок экенин белгиледи.

Мындай жосунсуз жорук мугалим деген улук аттын кадыр-баркын тебелеп, класста мугалим болсом деген канча окуучунун ой-кыялын талкалаганын кошумчалады.

Садыр Жапаров мындай түркөйлүккө мектепте да, бала-бакчада да, коомчулуктун кайсы жеринде болбосун жол берилбеши керектигин айтты.

“Мугалим менен тарбиячыны ушундай салтанаттуу иш-чараларда эле эмес, иш жүзүндө коргоп, колдоп, көтөрүп алышыбыз маанилүү. Тамга таанытып, көзүбүздү ачып, ушул деңгээлге жеткирген мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыз бир эле мектеп менен бала бакчаларда эмес, кайсы жерде болбосун, бийик сый-урматка татыктуу болушун камсыз кылышыбыз шарт” , — деди өлкө башчы.

6-ноябрда социалдык тармактарда бир окуучунун апасы мугалимди урушуп жатканы тартылган видео тараган. Анда окуучунун апасы сабак учурунда кирип келип, ызы-чуу салганын көрүүгө болот.

Кийин Билим берүү жана илим министрлиги окуя Бишкек шаарындагы №57 мектепте болгонун билдирип, тарых мугалими менен ата-эненин ортосунда болгон окуяга байланыштуу мектептин администрациясы, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти өз компетенциясынын чегинде иш алып барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганын маалымдады.

Бул окуя парламентте да көтөрүлүп, депутат Жанар Акаев мугалимге орой мамиле жасаган аялды жоопкерчиликке тартуу керектигин Жогорку Кеңештин 13- ноябрдагы жыйынында айткан.

Ал бул окуя Кыргызстандагы жалпы мугалимдерге моралдык сокку болгонун, аны коомчулуктун алдында мугалимден кечирим суратуу керектигин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM