Connect with us

Парламентте мугалимге орой мамиле жасаган аялдын жүзүн ачыктоо керектиги айтылды

Кыска кабар | 13 Ноя 2024 | 276 | 0

Депутат Жанар Акаев Бишкектеги мектепте мугалимге орой мамиле жасаган аялды жоопкерчиликке тартуу керектигин парламенттин 13- ноябрдагы жыйынында айтты.

Ал бул окуя Кыргызстандагы жалпы мугалимдерге моралдык сокку болгонун, аны коомчулуктун алдында мугалимден кечирим суратуу керектигин белгиледи.

«Өткөн жумада өлкөдөгү билим берүү тармагы үчүн, бүтүндөй мугалимдер үчүн абдан кейиштүү окуя болду. Бишкекте №57 мектепте бир эжеке мугалимди шылдыңдап, ыйлатты, ал мугалим жумуштан кетти. Мугалимди ыйлаткан аялга болгону миң сом айыппул салыптыр. Эмне үчүн аны коомчулукка алып чыкпадыңар, мугалимге орой мамиле кылган ушул аял деп. Бул окуя Кыргызстандагы 120 мин мугалимге шылдың, моралдык сокку болду. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкекте 500 мугалим жетишпейт. Биз ушинтип отурсак, мектепке мугалим келеби? Биз мугалимдердин айлыгын гана көтөрүп койбойстон, алардын аброюн да көтөрүүбүз керек. Ал үчүн ушундай кейиштүү окуяларга дароо жооп берүү зарыл. Адатта күч органдары жөнөкөй эле адамдарды кечирим суратып, дароо камакка алган окуялар болуп жатат. Жыйынга чейин мугалим менен сүйлөштүм, ал «болду эми, мен мктепте иштебейм. Мындай мазактоону, шылдыңдоону көтөрө албайм», дейт. Ал мугалимди кайра мектепке кайтаруу аракетин көрүп, мугалимди шылдыңдаган эжекени чакырып, коомчулуктун алдында кечирим суратып, башка берене менен жоопкерчиликке тартуу керек», — дейт депутат.

6-ноябрда социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп жатканы тартылган видео тараган. Анда окуучунун апасы сабак учурунда кирип келип, ызы-чуу салганын көрүүгө болот.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева окуя боюнча укук коргоо органдары баа бериши керектигин жана өзү да окуяны көзөмөлгө алганын айткан.

Министрлик мугалим менен ата-эненин видеосу боюнча үн катты

Copyright © 2017 Maral FM