Connect with us

Депутат цементтин баасы кымбаттап кеткенин айтты

Кыска кабар | 20 Ноя 2024 | 235 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев парламенттин 20-ноябрдагы жыйынында цементтин баасы кымбаттап кеткенин айтты.

Депутат бул тууралуу өзүнүн дарегине курулуш компанияларынан, элден кайрылуу келип жатканын белгиледи. Ал өкмөткө кайрылып, цемент алып келүүгө киргизилген мораторийди жокко чыгарууну же бааларды жөнгө салууну өтүндү.

«Мурда цементтин баасы 4 сом 20 тыйындан беш сомго чейин болчу, азыр 7 сом 20-30 тыйынга чыгып жатат. Мунун себеби эмнеде? Ушул жылдын 20-июлунда министрлер кабинети тарабынан Кыргызстанга сырттан цемент ташып келүүгө мораторий киргизген. Ошондон кийин баалар өстү. Цементсиз бир дагы курулуш бүтпөйт, маанилүү товар. Ошондуктан буга чейин киргизилген мораторий алынсын же баалар арзандатылсын», — деди Жеңишбек Токторбаев.

Copyright © 2017 Maral FM