Connect with us

УКМК жетекчилигине кол салууну пландоого шектелген «Руслан Бостери» кармалды

Кыска кабар | 20 Ноя 2024 | 273 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүн кармады.

16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында мурда тергөө органдарынан жашырынып жүргөн1983-жылы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган, криминалдык дүйнөдө «Рус Коен» же «Руслан Бостери» деген ат менен белгилүү Руслан Дүйшеев кармалды.

Ал Камчы Асанбектин жакын адамдарынын бири болуп, Ысык-Көл районунун Бостери айылын караган. Мурда каракчылык, адам өлтүрүү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон.

Ошондой эле, Атайын колдо болгон маалыматтарга ылайык, кармалган адам УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыкканын билдирди.

Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен ага уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деген айып тагылып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун тергөө органдарынан жашырынып жүргөн башка активдүү мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM